Atasözleri -А- (Макалдар -А-) 1.part 500
Агасы минген атты — иниси минет, атасы салган кушту — баласы салат. Агасын агалай албаган, душманын сагалайт. Агасын чапса балаңыз, атасын урам дегени. Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени. Ага — тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок. Ага —тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысындар ынтымактуу болсо аш көп. Агач катуусун курт жыгат. Агыбайдын тонундай аңтара …