Жамандан тон кийсең, тойдо доолайт.
Жамандарга олжо түшсө, бөлүшө албай көпкө түшөт.
Жамандардын жакшысы болгуча, жакшылардын жаманы бол.
Жамандашпа турасың, жаакташпа —тунасың.
Жаманды доого жиберсе, чуу чыгарат.
Жаманды жаныңа жолотпой айрыл, жакшыны изде, артыңа кайрыл.
Жаманды жасоол койсо, жалгыз уулунун көзүн чыгара чабат.
Жаманды ит да каппайт, жакшыны жаман сөз ээрчибейт.
Жаманды койсон жайына, күндө келет чайыңа.
Жаманды кудай неге албайт, жаткан төөгө мине албайт.
Жаманды мактаса жардан алыс кетиптир.
Жаманды мактасаң, каманчалык өлтүрөт.
Жаманды төө үстүнөн ит кабат, эл четинен жоо алат.
Жаманды төө үстүнөн ит кабат.
Жаманды эл четинен жоо алат.
Жамандыгы болбосо, жат дегениң жок нерсе.
Жамандыгы болбосо, жаштыгы калган жок.
Жамандыгыбыз болбосо, жаштыгыбыз калган жок.
Жамандын бары таарынчак, ар бир ишке корунчаак.
Жамандын жароосуз жерде дыкандыгы болот.
Жамандык — өчпөйт, жоолашкан — өспөйт.
Жамандык бир күндө, жакшылык миң күндө.
Жамандык бирөө, жакшылык көп.
Жамандык жалгыз келбейт, жаныңды эзип мээлейт.
Жамандык жаманга жарашат.
Жамандык жерге жатпайт, жакшылык ичке батпайт.
Жамандык жерге жатпайт.
Жамандык жолго баспагын — кырсык тилеп
аласың, досуңа чуңкур каспагын — өзүң түшүп каласың.
Жамандык издетпей эле табылат.
Жамандык кылбасаң, жабыкпай жүрөсүң.
Жамандык кылгандын үйү күйөт.
Жамандыкка жакшылык — эр кишинин ишидир,
Жакшылыкка жамандык — ар кишинин ишидир.
Жамандыкты амандык жеңет.
Жамандыкты таманымдын астынан табам.
Жамандыкты үнуткан — жакшы, жакшылыкты унуткан — жаман.
Жамандын бажасы көп, жанына пайдасы жок.
Жамандын барынан жогу, ачынан тогу.
Жамандын барынан жогу.
Жамандын берген ашынан, жакшынын айткан сөзү артык.
Жамандын бир аты жоош, бир аты момун.
Жакшынын бир аты залим, бир аты зулум.
Жамандын бир өнөрү артык, жата калып ат үркүтөт.
Жамандын бир өнөрү артык.
Жамандын бойдогу бийлейт, жардынын коногу бийлейт.
Жамандын жакшысы болгончо, жакшынын жаманы бол.
Жамандын жаманынын адам таппас амалы бар.
Жамандын жан жыргалы — уйку, жалангычы — жылкы.
Жамандын жан жыргатары — уйку.
Жамандын жан сактары — айыл, жан жыргатаары
— уйку, жалаңгычы — жылкы (же мал баккан).
Жамандын жаны ардак.
Жамандын жаны таттуу, жай табаары көр.
Жамандын жаштыгы өлгөнчө калбайт.
Жамандын жолдошу (жек жааты) көп, жанына пайдасы жок.
Жамандын жыргалы – уйку.
Жамандын өзү да өлөт, кою да өлөт.
Жамандын өзү коркок, сөзү чоркок.
Жамандын өзү тартуу, жакшынын сөзү тартуу.
Жамандын өзү теңелбесе дагы сөзү теңелет
Жамандын өзүнөн да сөзү күчтүү.
Жамандын катыны болгуча, жакшынын жесири бол.
Жамандын кесепети бир чакырым алда жүрөт.
Жамандын көпкөнү жаман, бучуктун өпкөнү жаман.
Жамандын койнунда жатканча жакшынын жанында жат.
Жамандын колуна бийлик тийсе оңдурбайт.
Жамандын колуна дес тийсе оңдурбайт.
Жамандын колунан жакшы аш жегиче, жакшынын таягын же.
Жамандын коногу билет, жардынын бойдогу билет.
Жамандын миң сөзү, жакшынын бир сөзүнө татыбайт.
Жамандын ойну жаман, буканын мойну жаман.
Жамандын ойну калбайт.
Жамандын сөзү — таркылдак, төөдөн кулап түшкөндөй.
Жамандын сөзүн талашып, жакшы менен араз болбо.
Жамандын тапканы — жапалак.
Жамандын төрүндө отурганча, жакшынын ирегесинде отур.
Жамандын тонун кийсең, тойдо доолайт.
Жаманчылыкты аманчылык жеңет.
Жаманы болбой жакшы жок, чымыны болбой бакшы жок.
Жаманы кылып коюучу, жакшысы уят болуучу.
Жаманы өлсө— бири өлөт, жакшысы өлсө баары өлөт.
Жамгыр — жер ырысы.
Жамгыр болбой дан болбойт, тегирмен болбой нан болбойт.
Жамгыр жаабай булут көчпөйт, жан кыйналбай жумуш бүтпөйт.
Жамгыр жааса, сел болсо — жаз да болсо кыш
менен тең, бетинен бедер кеткен сон, — кымкап
да болсо бөз менен тең.
Жамгыр өзүн сел ойлойт, көлчүк (же кудук) өзүн көл ойлойт.
Жамгыр менен жер гүлдөйт, эмгек менен эр гүлдөйт.
Жамгыр менен жер көгөрөт,
Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көбөйөт.
Жампаны таяк менен чапсаң, өзүңө чачырайт.
Жан — ооруган жерде.
Жан аябаган жоо алат, мал аябаган доо алат.
Жан аяшкан дос болбойт.
Жан бар жерде каза (же өлүм) бар.
Жан бергендин жанында турба.
Жан бир чыгат, эки чыкпайт.
Жан кейибей, иш бүтпөйт.
Жан кыйналат дебесе, жардылыктан ким өлөт?
Жан кыйналбай жан чыкпайт.
Жан кыйналбай жумуш бүтпөйт, талаптанбай муратка жетпейт.
Жан сакташ оңой, жан жыргатыш кыйын.
Жан тартпаса да, кан тартат.
Жан эки чыкпайт, бир чыгат.
Жанашып калсаң (койсоң) жаманга, жакшылык
кылбайт адамга.
Жанга күйбөс кандай (таңдай) дос.
Жанга күйгөн — жандай дос; жанга күйбөс —
кандай дос?
Жанга күйгөн жандай дос,
Жаңгакты чак, жаныңды бак.
Жандоочу кийик аттырат.
Жандоочусу жакшы болсо, уулуңа кийик аттырат.
Жандуунун жаны башка.
Жанжагына карабайт, жакыным деп санабайт.
Жанжемил, мурч жанга — тынч.
Жанчканга дагы ал керек, жаныңды сакта а көрөк.
Жаны ачыгандын жанына барба.
Жаны ачынгандын жанына барба.
Жаны барда жалынган – жаман эрдин белгиси.
Жаны барда сүйүнгөн жаман эрлин белгиси.
Жаны бардын, үмүтү (өмүрү) бар.
Жаңы дос келгенде, эски достун көзүнөн жаш чыгат.
Жаныңа ким күйсө досуң ошо.
Жаңылбас — бир гана Кудай, жазбас — кара жер.
Жанын аябаган жоо алат.
Жанын баккан жарыбайт да марыбайт, элин
баккан карыбайт да арыбайт.
Жаның болсо мал табылат, ашың болсо, казан табылат.
Жаныңда жүз сомуң болгончо, жүз жолдошуң болсун.
Жапалак куш мактанса, жардан чычкан алдым дээр.
Жапалак менен ташты урса да, жапалак өлөт.
Жапалакты таш менен урса да жапалак өлөт,
жапалак менен ташты урса да жапалак өлөт.
Жапкан наны карала.
Жапыз да болсо тоом бар, тайыз да болсо суум бар.
Жар — эрдин жаны.
Жар башында жапалак, жапалак көрсөң атып өт,
жаманды көрсөң качып өт.
Жар жыгылса суу бөгөйт, жалгыз өлсө ким жөлөйт.
Жар түбү — кечүү, тоо түбү — эл.
Жар ураса суу чыкпайт, жалгыз өлсө чуу чыкпайт.
Жара айыкса так калат, жаман сөздөн кек калат.
Жараат бүтөт, так калат.
Жарактуу киши зар болбойт, камдуу киши кор болбойт.
Жарактуу күнү жоо келбейт.
Жаралуу кийик жата албас.
Жараткандын бир күнү бар—жарым айга бергисиз,
бир түнү бар — жатса уйку келгисиз.
Жарачу уул жашынан.
Жаргылчактуу катын — жакшы катын, электүү
катын — эрке катын.
Жардамы тийбеген — жардам күтпөсүн.
Жарды — байга жетем дейт, бай — кудайга жетем дейт.
Жарды байга жагынам деп, жалгыз эчкисинен айрылыптыр.
Жарды байыйт, жаш чоңоёт.
Жарды болоор жигит эринчээк (кээде дөөлөтүнө мас) болот.
Жарды болор жигит, эринчээк болот.
Жарды болсоң — көчүп көр, жалгыз болсоң — өлүп көр.
Жарды болсоң да — ардуу бол.
Жарды болсоң көчүп көр.
Жарды болсоң, байдай бол, жалгыз болсоң, көптөй бол.
Жарды жүрүп бай болгондон сактан.
Жарды менен жоолаш болгончо, бай менен барымталаш бол.
Жардыга бай чоң, жалгызга көп чоң.
Жардыга таарынба.
Жардынын кызы арзан деп, жайсыздан катын алба.
Жардылыгын жашырган байыбайт, жалгыздыгын
жашырган көбөйбөйт.
Жардылык жаман эмес, жалкоолук жаман.
Жардылык уят эмес, байлык мурас эмес.
Жардылык уят эмес, жалкоолук уят.
Жардымын десең — аласаң койбойт, жалгызмын
десең, кудайың койбойт.
Жардыны кыйнаган менен, жар түбүнөн суу чыкпайт.
Жардынын бир тойгону — байыганга барабар.
Жардынын бокчосуна коёндун кулагы батпайт.
Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр.
Жардынын жалгыз аты качааган.
Жардынын жаны ардактуу, байдын малы ардактуу.
Жардынын жаны кыйналат, байдын малы кыйналат.
Жардынын жети каңшаары бар.
Жардынын уйүн коногу бийлейт, жамандын үйүн
бойдогу бийлейт.
Жардынын уйу жылда кысыр.
Жардынын чөнтөгүнө акча түшсө, турна болуп
кыйкырат.
Жаркырагандын баары эле алтын эмес.
Жарлуу күнү конок келбейт, жарактуу күнү жоо келбейт.
Жарма тамыр жарытпайт.
Жарма, жарма да болсо карма.
Жарма, чайды жаман деп, этти кайдан табасың.
Жармага таарынып, бирөөгө жамандык издебе.
Жармаңа ченеп суу куй, жылкыңа ченеп ышкыр.
Жарманын кызуусу менен черүугө аттаныптыр.
Жарнамаң мыкты болсо, соодаң жакшы болот.
Жароокер катын жатканча таяк жейт.
Жартыны бөлүп жеген таттуулуктун белгиси.
Жартыны жарып жеген татуулуктун белгиси.
Жарыбаганга иш түшсө тозуп калат азамат.
Жарыбагандын кызын жалчыбаган алыптыр, экөө
биригип журтта калыптыр.
Жарыңды гүл арасынан тап, багыңды эл арасынан
тап, балаңды эл арасына бак.
Жарык дүйнөдө бир улак жаралса, бир түп шыбак
кошо жаралат имиш.
Жарылганды ууру алат.
Жарым жолдо кайткандын жолу болбойт
Жарым ниет — жарым ырыс.
Жарыяң таасирдүү болсо, базарың өкүмдүү болот.
Жасалса күнөө, жалооруп өрөпкүбө.
Жат — жарытпайт, өз — өлтүрбөйт.
Жат жалгабайт, өз өлтүрбөйт.
Жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт.
Жата берсең чалкалап, мал семирбейт кайкалап.
Жатаар курсак жармадан айлансын
Жатаарда көп ичкен, жаман түш көрөт.
Жатакчыны тер кысса, жүгүн жөө ташыйт.
Жаталак — өлөт, чычалак — көнөт.
Жатар курсак жармадан айрылсын.
Жатка жанашып, өзгө карасанаба,
Жаткан арстандан жорткон түлкү көп билет.
Жаткан бойро, жүргөн дарыя.
Жаткан өгүз жок.
Жаткан өгүзгө чөп жок.
Жаткан оору эмес, баккан оору.
Жатканга жаан жукпайт (же тийбейт).
Жатып жеген, катып жейт.
Жатып ичеер жигиттен, сарамжалдуу чал жакшы.
Жатып ичер — жан бакты.
Жатып ичер аш болсо, жалкоолук жанга тынч экен.
Жатып ичер аш болсо, жардылык жанга тынч экен.
Жатып ичер жаман адат, көп жашатпай жайыңды табат.
Жатып ичээр — жанбакты.
Жатып ичээр жаман адат, көп жашатпай жайыңды табат.
Жатып ичээр жарма болсо, жардылык жанга тынч экен.
Жатып ичээрге жай менен кыштын айырмасы жок.
Жатып өлгүчө, атып өл.
Жаш — каруусу менен, карт — кеңеши менен.
Жаш – күчү менен, кары — кеңеши менен.
Жаш — улук эмес, ажал — улук.
Жаш бутактын ийилгени— сынганы, жаш
жигиттин уялганы — өлгөнү.
Жаш жыгач отундан жаркырап күйгөн тезек жакшы.
Жаш жыгачка куу жыгач сүйөнүп өсөт.
Жаш кайың желди сүйөт, жаш жүрөк теңди сүйөт.
Жаш карыса да, жан карыбайт.
Жаш кезде коркок болсо, карыганда чоркок болот.
Жаш кезинде сыйлай жүргүн аксакалды, карыны,
картайганда кайра өзүңө, сыйдын тийет жарыгы.
Жаш келсе —ишке, кары келсе —ашка.
Жаш күчү менен, кары кеңеши менен.
Жаш кургаганда — жетимдик унут болот.
Жаш курдаш эмес, заман курдаш.
Жаш төккөндөн көрө, маңдай тер төк.
Жаш улук эмес, акыл улук.
Жаш улук эмес, өлүм улук.
Жаш устанын бычагынын учу эки миз.
Жаш чак — алтын так.
Жаш чыбыктын ийилгени — сынганы, жаш
жигиттин уялганы — өлгөнү.
Жашаганды билбеген, жашоонун баркын кетирет.
Жашка — кызмат, карыга — урмат.
Жаш — күчү менен, кары — акылы менен.
Жашоо — бирге, өлүм — башка.
Жашоо кандай болсо, өлүм ошондой болот.
Жашоо ырахаты — ден соолук.
Жашоодон кечүү — акылсыздык.
Жашоонун өзү жашыл өрт.
Жашта берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.
Жаштайында сүзөнөөк бөлсө, картайганда үзөнөөк болот.
Жаштардын басканы — жыргал, карылардын жатканы — жыргал
Жашты жадатсаң — чабат, итти жадатсаң — кабат.
Жаштык бар жерде жалын бар.
Жаштык деген кеп эмес.
Жаштык жашынып кетет,
карылык камынтпай келет.
Жаштык кезиң — мастык кезиң.
Жаштык коштошпой кетет,
карылык учурашпай келет.
Жаштык менен ден соолуктун кадыры карыганда билинет.
Жаштык укмуштуу доор, жаракөр уяттуу бол.
Жаштыктын кадырын карыганда билет.
Жаштын кайраты бар, карынын айбаты бар.
Жаштын тилеги бир, жибектин түйүнү бир.
Жашчылык өзү — чөп гүлү,
жайдын жамгыр өткүнү.
Жашчылык — жайдын жамгыр өткүнү.
Жашы бирге — курдаш, жаны бирге — сырдаш.
Жашы жеткен адамдын, төрүнөн көрү жуук болот.
Жашы улуу болсо да, жаны курбу көп болот.
Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.
Жашыңда денең чың болсо, карыганда тың болорсуң.
Жашыңда калжың болсоң, карыганда мылжың болорсуң.
Жашыңдан жаман жолго баспаганың, адамдык сапатынды сактаганың.
Жашыл — оңот, жаш – чоңоёт.
Жашыл оңот, жаш чоңоет, кызыл оңот, кыз чоңоет.
Жашыңда берсин (кылсаң) мээнетти, карыганда
берсин (көрөсүң) дөөлөттү.
Жашында жигит октолот (же шок болот),
жашаганда токтолот, жалгабаса кудайым жабыгып жүрүп жок болот.
Жашында жигит октолот, жашаганда токтолот.
Жашында жигит шок болот, карыганда токтолот.
Жалгабаса кудурет, жабыгып жүрүп жок болот.
Жашырган жиниң болгуча, ачык жемең болсун.
Же ойногон оюн жок, же мүлжүгөн моюн жок.
Жебей туруп, сиңирээриңди ойлон.
Жебес жерге чөп бүтөт, ичпес жерге суу бүтөт.
Жебесең да май жакшы.
Жебесең да май жакшы, ичпесең да чай жакшы
Жебести ашка салба, билбести ишке салба.
Жеген билбейт, туураган билет эттин жакшы жаманын.
Жеген билбейт, туураган билет.
Жеген ооз уялат.
Жеген оозго жарашат.
Жегенге тойбогон жалаганга тоет беле.
Жегенде тойбогон, жалаганда тоймок беле.
Жегендин кусмайы бар.
Жегени да жаман, дегени да жаман.
Жегениңди көп көрбөйм, алыштырганда аз болбосун.
Жегениңдин наркы бар.
Жегениңдин наркы бар, жебегендин дарты бар.
Жегичтики суудан суута кетет.
Жез кадырын жезчи билет, эр кадырын эл билет.
Жез эскирсе дат болот, желедеги кулун ат болот.
Жездеме ишенип жүрүп жесир калдым.
Жең ичинде кол жүрөт, эл ичинде эр жүрөт.
Жеңең билди дегенче, жер жүзү укту десеңчи.
Жеңем билди дегенче, жер жүзү билди десеңчи.
Жеңеме (же энеме) ишенип, эрсиз калдым.
Жеңи жаман — аш алып иче албайт.
Жеңил акыл – бутка күч.
Жеңилбес кол — эл, кыйшайбас жол — эмгек.
Жеңилди жерден, оорду колдон алган.
Жеңилер жоо алды — артына карабайт.
Жеңишке жеткен бактылуу, жерине берип бактыны.
Жейин десе — тиши ооруйт, берейин десе — ичи ооруйт.
Жек көрүүдөн кастык туулат.
Жеке өтүктүүгө жете албайт, соору өтүктүү бата албайт.
Жекен жеринде көгөрөт, эр элинде көгөрөт.
Жел желпинте соккон менен, таң мезгилсиз ата койбос.
Жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт.
Жел өпкөнүн деми сууйт.
Жел менен жарышпа, көлөкөңдү кууба.
Жел сөз жанга дары болбойт.
Жел чыкпаса жан чыгат.
Желдин чаңдуусу жаман, сөздүн каңкуусу жаман.
Желдүү боз баланы жеткире мактаба.
Желдүү күнү сүйлөбө — сөзүң сая кетпесин,
тумандуу күнү караба — көзүң сая кетпесин.
Желе түбү — казык, жекен түбү — азык.
Желеде кулун жетилсе, аргымак күлүк ат болот.
Желип өмүр өткөн соң, жигит болбойт чал кайтып.
Желмогуздун эң кичинекейи кыйын.
Желмогуздун эң кичүүсү кыйын.
Жем талашпас куш болбос, сөз талашпас эр болбос.
Жем талашып боктон өлбөй, эл талашып октон өлгөн жакшы.
Жемди көргөн кыргый торду көрбөйт.
Жемди көрүп, көктөгү куш торго түшөт.
Жемелесе жерге кирбеген, көтөрмөлөсө көккө
чыкпаган, көтөрүңкү көк челек деген болуптур.
Жемиштин жайын жеген билбейт, багбан билет.
Жөн сурамак изаттан, ат сурамак келбеттен.
Жер — казгандан, ушак — айткандан түгөнбөйт.
Жер — ырыстын киндиги, билим — ырыстын тизгини.
Жер азыгы — суу.
Жер байлыгы — эл байлыгы.
Жер жалмаган неченди: падыша, төрө, чеченди,
оозунан кудай түшпөгөн зикир чалган эшенди.
Жер жемишин берет, эл эмгегин берет.
Жер — казына, суу— алтын.
Жер кишинин акысын жебейт.
Жер кулагы жети кат (эмне болсо да угула берет).
Жер кулагы жети кат.
Жер куураса, алабата чыгат.
Жер мээнетти жебейт.
Жер семизи — мал семизи.
Жер тамыры чөп өстүрөр, эл тамыры от күйгүзөр.
Жер тамырынан эл тамыры көп.
Жер тармал — өн, жеңиш үчүн — өл.
Жер тойбой — эл тойбойт.
Жер эмгекти жебейт.
Жер эрдин эмгегин жебейт.
Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат.
Жер ээн болсо, суур (кээде доңуз) дөбөгө чыгат.
Жерге өзүң ийилбесең, жер сенден кийиндейт.
Жерге өзүң көөмп алып, жерге таарыныч кылбагын.
Жерге келет бир кезек, жерге кезек келгенде:
байчечекей чөп жайнайт, эрге келет бир кезек,
эрге кезек келгенде, эгиз күлүк ат байлайт.
Жерге түшкөн — жетимдики.
Жерге түшкөн гүл болот, отко түшкөн күл болот.
Жерге чачылган кык, тогуз жылы пайдасын тийгизет.
Жерде жаткан жумуртка, асманда учкан куш болот.
Жерде жаткан жумуртка—асманда учкан канаттуу.
Жерде жафаа жок, кудайда ката жок.
Жерде жүргөн коңуз бар, адамдан чыккан доңуз бар.
Жердей март да жок, жердей зыкым да жок.
Жерден жарака кетсе, акылдын жүрөгү аркылуу өтөт.
Жерди тегиз дебеңиз, алды — артында кайкаң бар,
элди тегиз дебестен, алды-артыңды байкаңдар.
Жердин да кулагы бар.
Жердин көркү —Алайда, ашуунун көркү—кундузда,
сулуунун көркү — кыргызда (калында).
Жердин көркү — эгин, эрдин көркү — билим.
Жердин Койсарысы көлдө экен, адамдын койсарысы сен экенсиң.
Жердин кулагы жети кат.
Жердин танабын тартса кыскарат, коё берсе —узарат.
Жердин уусун билген киши, караңгыда карсактын изинен жаңылбайт.
Жери байдын, эли бай.
Жеримде жээрде сакал бий элем, эми жети сакал кул болдум.
Жерин сүйбөс эл болбойт, элин сүйбөс эр болбойт.
Жеринен ажыраган жети жыл ыйлайт, элинен
ажыраган өлгөнчө ыйлайт.
Жеринен ооган жүк оңолбойт.
Жеринен ооганга жети жылы конуш жок.
Жесе да, жебесе да бөрүнүн оозу кандуу.
Жебесе да — бөрүнүн оозу кандуу.
Жетегинде болбосо, жетелеген не болот! Жетек
жеткирет, чагым өлтүрөт.
Жетеси жокко жети күн айт.
Жетеси жокту жетелесе билбейт, акылы жокту алдаса билбейт.
Жетеси жокту жетелесе да болбойт.
Жетесиз жети уулуң болгончо, эстүү бир кызың болсун.
Жетесизге кеп айтсаң, беттен алып аркырайт.
Жети атасын билбеген уул — кул, жети энесин
билбеген кыз — күң.
Жети баштуу ажыдаардан коркпо, эки жүздүү адамдан корк.
Жети өлчөп бир кес.
Жети кишинин бири кыдыр.
Жети күндүк жаандан желип өткөн суу артык.
Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы.
Жети күндүн бири өлүм.
Жетиле элек наадандан жетектеген ат жакшы.
Жетим — жетилет, жерге — кошулат.
Жетим бала кекчил, жесир катын элчил (же эмчил), өгөй өөнчүл.
Жетим да торолор, заман да оңолор.
Жетим жүрүп жетилет.
Жетим өз киндигин өзү кесет.
Жетимге боор ооруса, жеңеси койнун ачат.
Жетимдин акысын жебеңиз, жетимдин акысын
жесеңиз — тынч жатамын дебеңиз.
Жетимдин акысы тозоктун оту.
Жетимдин желкеси кыйык.
Жетимдин курсагы жети кат.
Жетимдин сүйгөн тамагын ким берет.
Жетимиштеги чалдын көңүлү калса да, жетидеги
баланын көңүлү калбасын.
Жетимиштеги чалдын көңүлү калса дагы, жетидеги
баланын көңүлү калбасын.
Жеткен — жети муштайт, жетпеген — бир муштайт.
Жеткен — кесек менен, жетпеген — тезек менен.
Жеткен жети муштайт, жетпеген бир (эки) муштайт.
Жеткен кесек менен.
Жеткенден —калтек, жетпегенден — мантек.
Жеткенден калтек, жетпегенден мантек жеп.
Жеткилең бийик жол болбойт, жээн —тага эл болбойт.
Жетпеген — жекчил.
Жетпести кууба, келбести күтпө.
Жибекти туталбаган жүн кылат, катынды күтө
албаган күң кылат.
Жибекти туталбаган жүн кылат.
Жигит бир сырдуу, кырк (төрт, сегиз) кырдуу болот.
Жигит болсоң бекем болгун, чириген талдай бош болбой.
Жигит үйдө туулат, жоодо өлөт.
Жигит өзү менсинет, жигитти ким теңсинет?
Жигит өлөөр жерине күлүп барат, кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
Жигит келсе, кыз даяр.
Жигит тереңи көк ирим көлдөй, жигит күчтүүсү каптаган селдей.
Жигитке бир сыр, жети кыр керек.
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
Жигитке кырк өнөр аздык кылат.
Жигитке намыс кымбат, ар кыйын.
Жигиттик желип өтөт ашкан белдей (соккон
желдей), карылык каршы келет казган көрдөй.
Жигиттик өттү ашкан белдей, карылык келди казган көрдөй.
Жигиттик келип өтөт соккон желдей (ашкан
белдей), карылык каршы келет казган көрдөй.
Жигиттин өзү жакшы болсо, тегин сураба.
Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара.
Жигиттин куну — жүз жылкы, ары — миң жылкы.
Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн.
Жигиттин түзүн (же сырын) айтпай, ишин айт.
Жигиттин уялганы — өлгөнү.
Жиксиз жерден жел чыкпайт.
Жиндини садага менен тойгуза албайсың,
пайгамбарды ырасмы менен тойгуза албайсың.
Жип кессең — узун кес, кеп салсаң — кыска сал.
Жип кессең, узун кес, кеп салсаң, кыска сал.
Жипти кессең узун кес, кепти салсаң кыска сал.
Житкен окту аткан ок табат.
Житкен окту каккан ок чыгарат.
Жүгү уйда болсо да, дымагы төөдө.
Жүгүргөн албай — буюрган алат.
Жүз – жүрөктүн күзгүсү.
Жүз дос — аз, бир кас — көп, (Миң дос — кем, бир кас — артык).
Жүз дос — аз, бир кас — көп.
Жүз жолу айткандан бир жолу көргөн жакшы.
Жүз жолу айткандан бир жолу көргөзгөн артык.
Жүз жолу уккандан, бир жолу көргөн жакшы.
Жүз сөздү бир сөз токтотот.
Жүз сом күткөнчө, жүз жолдош күтөйүн.
Жүз сомуң болгуча, жүз жолдошуң болсун.
Жүз, жүзгө жеткенде кудайдан күдөрүңдү үз.
Жүзгө жет, мүдөөм кет.
Жүзгө чейинди «жасоол» дейт, миңге чейинди
«кол» дейт, миңден ашыгын «кошуун» дейт.
Жүздүн (карынын, өрдүн) көркү сакал, сөздүн көркү макал.
Жүздүн көркү — сакал, сөздүн көркү — макал.
Жүздөн — бирди, миңден — онду танда.
Жүздөн бирөө — чечен, миңден бирөө — көсөм.
Жүздөн күлүк, миңден тулпар.
Жүзүмүн жеп, багын сураба.
Жүйөөлүү сөз жүлүнгө тиет.
Жүйөлүү сөз жүйөсүн табат, жүйөсүз сөз ээсин табат.
Жүйөсүн таап жумуш кыл, жерин таап тыным кыд.
Жүктү лөк көтөрөт, мээнетти эр көтөрөт.
Жүктүн өз теңи, теңтуштун өз кеби.
Жүктүн оорун нар көтөрөт.
Жүрбөгөн атка «чу» деген дем.
Жүргөнүмдү жел билет, конгонумду сай билет.
Жүргөнүмдү жел билет, коногумду сай билет.
Жүрө албаган жол бузат, айта албаган сөз бузат.
Жүрөгүм күйгүчө, билегим күйсүн.
Жүрөк менен кан бирге, жүлүн менен жан бирге.
Жүрөк сыры тилден чыгат.
Жүрөк сырын көз билдирет.
Жүрөккө доо кеткенче, өзөккө өрт кеткен жакшы.
Жүрөккө жакын алба, жибитип алда.
Жүрөктөгү сыр жүздөн байкалат.
Жүрөктөй үЙДӨН, ЖүЛГӨДӨЙ түтүн.
Жүрөктөн чыкпай, жүрөккө кирбейт
Жөжөнү күзүндө санайт.
Жөө жүргөнчө, төө минген жакшы экен.
Жөө жүргөнчө, ТӨӨ МИН.
Жөө жүрүп ырдаганы курусун, өгүз минип жыргаганы курусун.
Жөө калган эр — канаты жок карга.
Жөө калганча ат кадырын билбес, ач калганча аш кадырын билбес.
Жөөнүн топосу чачылбайт, жалгыздын сөзү өтпөйт.
Жөөнүн ырысын аттуу жебейт.
Жөөнүн энчисин атчан албайт.
Жөн билгини жумшасаң, акыл үйрөтпө.
Жөнү жок багыныш, эр жигитке өлүм менен тең.
Жөнү жок чыркыратып кетпе, жолуңду түбөлүктү эсте.
Жөтөл — картаңдын күлкүсү.
Жоболоңдуу жолго чыкса, эмгектүүнүн этеги булганат.
Жоболоңдууга жолдош болбо.
Жоголгон бычактын сабы алтын.
Жоголуп табылган мал — олжо, ооруп айыккан жан — олжо.
Жоготуу — тапкычтыкка үйрөтөт.
Жойпу дос ишке жарабайт, мыкты күчүн аябайт
(кээде: жойпу дос ишке жарайт, мыкты дос күчүн аяйт).
Жойпу наадан — жоодон жаман.
Жойпулук эмне дедирбейт, жокчулук нени жедирбейт.
Жок азабын бар сезбес да, ач кадырын ток билбес.
Жок болсо, баарына көнөт.
Жок болсо, март да бере албайт.
Жок жокко — көмөктөш.
Жокко амал жок.
Жокко дабаа жок
Жокко суу да жок, алып ичер идиш да жок.
Жокко суу да жок.
Жокко туз да жок.
Жоксуз жалтаң, жондуу балтаң.
Жокто байдай сыйлагын, бай малынан түңүлсүн.
Жоктон бар болоор, бардан жок болоор.
Жоктон барды жараткан адамдын акылы.
Жоктон бары артык.
Жоктон көрө жогору.
Жокту жок издеген табат, жолдошу шайыр болсо,
жолоочунун кумары канат.
Жокту жок издеген табат.
Жокту жок табат.
Жокту керек таптырат, өйдө — төмөн чаптырат.
Жокту керек таптырат.
Жоктун бары болот, арыктын семизи болот, ачтын тогу болот.
Жоктун бир арманы бар, бардын миң арманы бар.
Жоктун жайын жакыр билет.
Жоктун жону катуу, өгүздүн (же буканын) мойну катуу.
Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу.
‘Жоктун жону катуу.
Жокчулук таштан да катуу, оорулук зындандан да оор,
Жокчулук эрди жоботот.
Жол (из) кууган — казынага жолугат, кеп (сөз) кууган — балаага жолугат.
Жол азабы — көр азабы.
Жол кыскарткан сөз.
Жол атасы — туяк, сөз атасы — кулак, суу атасы — булак.
Жол бирге болсо да тагдыр башка.
Жолдошун таппаган эр азат, башчысын таппаган эл азат.
Жол үстүндө жоокер тыныкпайт.
Жол кууган казынага жолугат, кеп кууган балаага жолугат.
Жол салсаң — өтөсүң, ор казсаң — түшөсүң.
Жолборс (арстан) нзинен кайтпайт, жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жолборс изинен кайтпайт, баатыр сөзүнөн кайтпайт.
Жолборс терисин кийгендин баары баатыр эмес.
Жолборс чабуу эр даңкын чыгарат.
Жолборс чапкан алп — ал колбашчы.
Жолборс чапкан эр — жоону чабат.
Жолборстун баскан изин ит баспайт.
Жолборстун жаткан жерине ит батпайт.
Жолборстун жаткан жерине өрт күйбөйт.
Жолго чыксаң — шайлан, бел куруңду (же бооңду) байлан.
Жолго чыксаң жол азыгың мол болсун.
Жолго чыксаң жолоочуңду шайлап ал.
Жолго чыксаң шайлан, бел — бооңду байлан.
Жолдо жүрсөң, жортуп жүр.
Жолдо тамактын оордугу жок.
Жолдон келип, төр меники дейт.
Жолдон келип, тон меники дейт, эшиктен кирип төр меники дейт.
Жолдон чыксаң да, көптөн чыкпа.
Жолдош болбо айгакка, мүдүрүлтөт тайгакка.
Жолдош болбо коркокко, жүк артпагын торпокко,
иш кылдырба чоркокко.
Жолдош болсоң кууга, башыңды салаар чууга.
Жолдош таппаган эр азат, башчысын таппаган эл азат.
Жолдош таппаган эр өксүк, башчысын таппаган эл өксүк.
Жолдошту жол айрат.
Жолдошу көптүн колдоосу көп.
Жолдошу көптүн олжосу көп.
Жолдошуң жаман болсо алыс жолго түн катпа,
аялың жаман болсо, киши алдында үн катпа.
Жолдошуңду жонуңа, оорубаса мойнуңа көтөр.
Жолдошуна күйбөгөн жоого түшөт.
Жолдун тегизин бил, сөздүн негизин бил.
Жолоочу ат жалына казан асат.
Жолоочу болсо — атын ал, жортуулчу болсо — башын ал.
Жолоочу болсо атын ал (жолго сал), жортуулчу
(тоноочу) болсо башын ал (ортого сал).
Жолоочу жол менен, жортуулчу эл менен.
Жолоочуң кечиксе — сүйүн, жортуулчуң кечиксе —күйүн.
Жолоочулукка эрөөн жок.
Жолоочуну ээрчип ит убара (же өлөт).
Жолоочуну ээрчип, ит өлөт.
Жолоочунун — жолдогусу жакшы, жолдо болбосо —үйдөгүсү жакшы.
Жолоочунун азЫгы жолунда.
Жолоочунун бай экенин ким билет, кул экенин ким билет?
Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо — үйдөгүсү жакшы.
Жолоочунун үзөңгү боосу алты кабат, кулу — бийин ким билет?
Жолу болор жигиттин жеңеси алдынан чыгат.
Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун.
Жолуңа кууну албай, акылдууну ал.
Жолун таап ырдаса, кубаныч экен ыр деген.
Жомок деген жорго сөз.
Жомоктон курсак тойбойт, кулак кубанат, көңүл тоёт.
Жоо аяган — жаралуу, катыны — каралуу.
Жоо аяган — жаралуу, эри өлгөн катын — каралуу.
Жоо аяган жаралуу.
Жоо аяган өзү өлөт.
Жоо жакадан, бөрү этектен алганда.
Жоо жакаласа, бөрү этектер.
Жоо капыстан чабат, өлүм суратпай келет.
Жоо качканда баатыр көбөйөт.
Жоо келгенде — баатыр бол, доо келгенде — акыл бол.
Жоо кеткен соң, кылычынды ташка чап.
Жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап.
Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка (бокко) чаппа.
Жоо кыстаса баатырга бар.
Жоо малынын тезеги пайда.
Жоо сырын жоо билбейт.
Жоо түбү — эл, жар түбү — кечүү.
Жоо чапкан алпка айып жок.
Жоого барсан баарың бар, доого барсаң бириң бар.
Жоого жалынба — жаныңды алат, доого жалынба — малыңды алат.
Жоого жаныңды берсең да, сырыңды бербе.
Жоодон алып качкан жан арам.
Жоодон ачарчылык күчтүү, жошултуп алсыратат күчтү.
Жоодон корккон — жоого дос, элди сүйгөн — эрге дос.
Жоодон корккон жолдошун сабайт.
Жоокер жараксыз болбойт, ырчы комузсуз болбойт.
Жоокерге тон тиге албаган жар — жоо босогосунда күң.
Жоолашкан эки журттун кыйыры ыйык.
Жоолашкан эки элди бириктирүү үчүн кайраттуу
кол керек, акыл дагы мол керек.
Жоолук да болсо жолго ийги.
Жоомарт менен калыстын төрт аягы кыбыла.
Жоомарттын жайы бейиште, сараңдар калат кейиште.
Жоон болсоң капкурсак дейт, ичке болсоң —
жылан жуткан жип курсак дейт.
Жоон сүзүлгүчө, ичке үзүлөт.
Жоону сайса ким (эр) сайды, аты калды Манаска.
Жоону сайса, эр сайды, аты калды Манаска.
Жоону таап ал, жоошутуп чаап ал.
Жоонун малынын тезеги жугат.
Жоонун сыртында болбо, ичинде бол.
Жоонун түбү эл болор, тоонун түбү бел болор.
Жоор семирсе баш бербейт,
Жоор семирсе баш бербейт, жаман сүйлөсө сөз бербейт.
Жоор семирсе баш бербейт, жаман сөз бербейт
Жоорду чымын ырбатат.
Жоордун жайын жакыр билет, жокчулуктун жайын бакыр билет.
Жоош төө чуудаларга жакшы.
Жооштон жоон кеп чыгат.
Жооштон жоон чыгат.
Жорго жүрүшүнөн баа болот, жаман жүрүшүнөн кул болот.
Жорго жүрүшүнөн пул болот, жаман жүрүшүнөн кул болот.
Жорго жолду арбытат, жокчулук эрди карытат.
Жорго минген жолдо мас, катыны сулуу күндө мас.
Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат.
Жорго минген менен жолдош болбо, жоболоңдуу менен айыл конбо.
Жорго мингенге жолдош болбо.
Жоргодон жорго чыкса төрт аягы тыбырайт,
чеченден чечен чыкса оозу — мурду кыбырайт.
Жоргодон туулган жорток бар, баатырдан туулган коркок бар.
Жоргоң мыкты болсо төшкө сал, ишиң катуу болсо элге сал.
Жоргонун баркын мингенде билерсиң, жакшынын
баркын өлгөндө билерсиң.
Жоргонун кадыры желгенде билинет, жолдоштун
кадыры өлгөндө билинет.
Жоргонун тери кургабайт, эркенин жашы кургабайт.
Жорто албаган (жүрө албаган) жол бузат, айта албаган сөз бузат.
Жорто албаган жол бузат, айта албаган сөз бузат.
Жортсоң — жол аларсың, жолугушсаң — сөз угаарсың.
Жортуп жүрсөң, жол өнөр.
Жортуулда жоокердин жоосу —уйку.
Жортуулчунун башы жолдо калат.
Жору тарпка конот, чымын майга конот.
Жору тарпка тойсо, чарбакты эңсейт.
Жору томого кийгендей.
Жору, жору, жорумун, аты куштун зорумун, беш
тырмагым жогунан аты куштун корумун.
Жоруга томого кийгизгендей.
Жорулуу жерде тарп калбас.
Жорунун өзү тоодо болсо да, көзү бөксөдө.
Жосунсузга жорго мингизсе жарашпайт.
Жука жерден жыртылат, ичке жерден үзүлөт.
Жулук ууру журттан айлансын.
Жумурткадан кыр тапкан кудайым.
Жумуру башка бир өлүм, эрте — кечи баары бир.
Жумуру башта нелер жок.
Жумурунда уузу жок өмүрүндө тойдум дебейт.
Жумуш кылсаң үшүйсүң, арак ичсең тердейсиң.
Жумуштан качып жашынган жаман, жалкоолук күчөп. ашынган жаман.
Жумушту кечеңдетпе, ырбатып тереңдетпе.
Жумуштун көзүн тап, кыйшыктын тегин тап.
Жумшак айткан месел сөз, муз жүрөктү эритет.
Жумшак жыгачты курт басат.
Жупуну — жугумдуу, сыпайы — сүйкүмдүү
Журт аймагы кең, аалам менен тең.
Журт арасы — темир талкуу.
Журт арасын атанын арам сийдик уулу бузат.
Журт кечээ кубарса, бүгүн көгөрөт.
Журт кыйырын күзөткөн алп кеткенде өз
жоолашар, душман көк ташка кылычын жанаар.
Журт мазар, журттан чыккан азар.
Журтка жек көрүнгөндү кудай жек көрөт.
Журтту жалгасын, журт ичинде бечера бизди жалгасын.
Журттун ынтымагына балта чапкан бузукуну журт алдында мууздайт.
Журту тирүүнүн өзү тирүү.
Жутаанак төө жабуусун жалмайт.
Жуталаң жылы ит семиз, тумоолуу жылы молдо семиз.
Жуткан — жумурда, ичкен — ичегиде.
Жуткан жутабайт.
Жутканга комсоо дебесек, кебеги менен кылканы.
Жуурат ичкен кутулат, жугунду ичкен тутулат,
Айран ичкен кутулат, аягын жалаган тутулат.
Жуурат төгүлсө, жугу калат.
Жуучулукка кордук жок, элчиликке өлүм жок.
Жыгач кессең узун кес — кыскартыш оңой, темир
кессең кыска кес — узартыш оңой, көйнөк
бычсаң кенен быч — кыскартыш оңой.
Жыгач ким жагаарын билет, мал ким багаарын билет.
Жыгачка мөмө бүткөн сайын салбырайт.
Жыгачты кессең — узун кес, кыскартышы оңой
иш, темирди кессең — кыска кес, узартышы
оңой иш, көйнөк бычсаң — кенен быч, кичиртиши оңой иш.
Жыгачты курт чиритет, элди өзгө иритет.
Жыгачтын баары тез болбойт, сарынын баары жез болбойт.
Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт.
Жыгачтын ийрисин тезге салса түзөлөт,
жолдошуңдун ийрисин кепке салсаң түзөлөт.
Жыгылган күрөшкө тойбойт.
Жыгылган ооганга күлөт.
Жыгылгандын үстүнө жудурук (муштум).
Жыгылсаң нардан жыгыл, (жез) буйласын кармай жыгыл.
Жыгылсаң, нардан жыгыл, буйласын ала жыгыл.
Жыгылсаң, нардан жыгыл, этиң оорубас.
Жыйноочу бармакка басып, тырмакка кысып жыйнайт.
Жыкмак бар, баштан аттамак жок.
Жыл дегениң, жылгадан аккан суу.
Жыла баскан жылманын кеби жылуу, ичи ала.
Жылаңачка — караган — бута.
Жылаңачка тон бербей, атласты кантип кийесиң.
Ач калганга аш бербей, тамакты кантип ичесиң.
Жылан ийри сойлосо да, ийнине түз кирет.
Жылан оз уусунан өлбөйт.
Жылан өлтүрөйүн десе, таш алып бербейт.
Жылан кээде чагат, тажаал күндө чагат.
Жылан кээде чагат, ушакчы күндө чагат.
Жылан чаккан кайтат, бөйөн чаккан кайтпайт.
Жылан чакпай, жылкы теппей.
Жыланга чактырган аркандан коркот.
Жыландай ийрилип башталса, шоонадай чубалып бүтөт.
Жыландан сыр сураса, чаяндан калыс кылат.
Жыланды жылан чакпайт.
Жыланды үч кессе да, кескелдирикче алы бар.
Жыландын куйругун баспа — чагат
Жыландын сырты жумшак болсо да, ичи заар.
Жыландын териси —кооз, тиши — уу.
Жыландын уусу — тишинде, жамандын уусу — ичинде.
Жыландын уусу башында, бейкамдын (же жалкоонун) жоосу кашында.
Жыландын уусу башында, бейкамдын жоосу кашында.
Жыландын уусунан айыкса болот, ушактын уусунан айыгыш кыйын.
Жылдаш катын — сырдаш.
Жылдыздар жайнаган түн сонун, жылытып тердеткен күн сонун.
Жылдыздын көбү — асмандын көркү, билимдин көбү — акылдын көркү.
Жылдырма оосурактын жыты жаман.
Жылкы — берен, жылкыны баккан — эрен.
Жылкы (айбан) кишенешкенче (искешкенче), адам
сүйлөшкөнчө (көрүшкөнчө).
Жылкы аласы — тору ала, сыртынан таанылат,
адам аласы — ичинде, баамчылар жаңылат.
Жылкы жайлоодо семирет, бордогусу байлоодо семирет.
Жылкы кашынышканча (кээде кишенешкенче),
адам сүйлөшкөнчө (кээде көрүшкөнчө).
Жылкы кишенешип, киши сүйлөшүп таанышат.
Жылкы кишиге канат, төө кишиге күч.
Жылкы семирсе, жылкычы сүйүнөт.
Жылкы суудан калбасын.
Жылкы, жылкы, жылкыдыр, жылкы эрдин мүлкүдүр.
Жылкыга жыландай уул жарайт.
Жылкыда жая жал болсо, койдо козу, куйрук бар.
Жылкыда жал болсо, койдо козу, куйрук бар.
Жылкыдан качыр, мусулмандан капыр туулат.
Жылкыдан оосоң жалын карма, уйдан оосоң
мүйүзүн карма, кишиден оосоң оозуңду карма.
Жылкыңа карап ышкыр.
Жылкыңа ченеп ышкыр, алыңа ченеп бышкыр.
Жылкыңа ченеп (же карап) ышкыр, мурдуңа ченеп бышкыр.
Жылкыны имерсе, качагаан жылкы өзү эле четке чыгат.
Жылкычы болгон бээ багат, жылас болгон төө багат.
Жылкычы болуучу уул ээрде уктайт, ээрде уктоочу уул эл багар.
Жылкычы кадик адис болбосо, жоого минер ат жок.
Жылкычынын бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт.
Жылкычынын бир көргөнүн хан, бир көргөнүн ит көрбөйт.
Жылкычынын жыйганы жубан үчүн.
Жылкычынын ичкенин бирде ит ичпейт, бирде кан ичпейт.
Жылуу келген душманды суук чыгарба.
Жылуу сүйлөсө жыла — жыла жылаан ийинден чыгат.
Жылуу сөз жылытат, муздак сөз муздатат.
Жылуу сөз жылытат, суук сөз муздатат.
Жылуу, жылуу сүйлөсөң, жылан ийинге кирет,
катуу —катуу сүйлөсөң мусулман (кээде каапыр) динден чыгат.
Жылуу —жылуу сүйлөсө, жылан ийинден чыгат
(же) Жылуу —жылуу гэп урсаң, жылан ийинен чыгат.
( Жылуу — жылуу сүйлөсө, жылан ийинден чыгат (имиш).
Жылуулук – от бар жерде, сулуулук — кал бар жерде.
Жылуулук жер астынан келет, оюнду курчуткун демеп.
Жылуунун муздашы — бат, муздактын жылышы — кымбат.
Жылуусу жок тон курусун.
Жылымчы оосурактын жыты жаман.
Жылып консо жылкы сүйүнөт, жылбай отурса
катын сүйүнөт, жылкы семирсе жылкычы сүйүнөт,
Жылып, жылып булут кетет көк калат, жүрүп,
жүрүп жалгыз кетет көп калат. Душман кыйрап,
согуш унут болсо да, жүрөктөрдө көксө суубай кек калат.
Жылып консо жылкы сүйүнөт, жылбай отурса катын сүйүнөт.
Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу.
Жыргайсыңбы, куурайсыңбы — жашоо керек.
Жыргалдын ана башы — ден соолук.
Жыртык — тешикке күлөт.
Жыртык ийненин кереги тиет.
Жыртык үйдү жел табат, калп сөздү эл табат.
Жыртык үйдү жел табат, калпычыны эл табат.
Жыртык үйдөн кыйшык түтүн чыгат.
Жыртык тешикке күлөт.
Жыртык тондуу — күрөшчөөк.
Жыртыкка жамак табылат, дартка дабаа табылат.
Жыя албаган жыйынга шүмшүк, асырай албаган айылга шүмшүк.
Жээ ары барып, Чүйдө өлбөй, жээ бери келип, үйдө өлбөй.
Жээн келгенче, жети бөрү келсин.
Жээн эл болбойт, желке таз болбойт.
Жээн эл болбойт, желки тон болбойт.
Жээн эл болот бай болсо тайкеси, желки тон
болот, май болсо желкеси.
Жээн эл болот — жарашса тайкеси, желки тон
болот — жарашса узу.
Жээндин жээни, желкинин тону (жыты тууган).
Жээринде майда чайна, айтаарыңда мыкты ойло.
Жээриңди майда чайна, айтаарынды мыкты ойлон.
Жээриңе келгенде жети кабат бөрү элең, жебесиңе
келгенде жин окуган молдо элең.