Бергенин алган — жамандын иши, ичкенин кускан — чабалдын иши.
Береген колум алаган.
Береке байда эмес — элде, кетмендеп иштелген жерде.
Берекенин баары жерде калган эмеспи, жер
дүйнөнүн туткасы элде калган эмеспи.
Берекесин маа берсин, көлөкөсүн саа берсин.
Берерге акчаң болбосо, молдо үйүңө да кирбейт.
Берерге бешимде — кымыз, бербеске шашкеде — саамал.
Берерге бешөө чыкпаса, аларга алтоо чыгат.
Бересеге бешөө көп, аласага алтоо аз.
Берешен колум алаган.
Берешенден бешиктеги бала да үмүт кылат.
Бери болуп төрдө жок, ары болуп көрдө жок.
Бери карап күлүп, ары карап ыйлаган жаман.
Берип берен болгончо, бербей сараң болБерип
сараң (суу) болгуча, бербей уят болБерип эки
жаман көрүнгөнчө, бербей бир жаман көрүн.
Берип берен болгуча, бербей сараң бол.
Берип жаман көрүнгөнчө, бербей жаман көрүн.
Берсе — ал, урса — кач.
Берсе да бай жакшы, бербесе да бай жакшы, жесе
да май жакшы, жебесе да май жакшы.
Берсен — аларсын, эксең — орорсун.
Берсең — ичем, урсаң — өлөм.
Берсең — ичпейт, бекитсең — койбойт.
Берсең жебейт (ичпейт, албайт), бекитсең койбойт.
Берээрге акчаң болбосо, молдо үйүңө да кирбейт.
Берээрге бешимде кымыз, бербеске эртең менен саамал жок.
Бетеге өзүн бий ойлойт, караган өзүн кан ойлойт.
Бетеге кетет, бел калат.
Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат.
Бети башы терден арылбагандын колу, буту чордон арылбайт.
Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок, эти
этиме тийген катыныма баркым жок.
Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок.
Бети жокко безетки чыгат.
Бетим жаман болсо да, ниетим жакшы.
Бетинен бедер кеткен соң, кымкап да болсо бөзгө тең.
Кадырман болсо зайыбың, картайса да кызга тең.
Бетке (көзгө) айткан сөздүн заары жок.
Бетке айткандын — заары жок.
Бетке айткандын жүзү жарык.
Бетке чабар терс кыял, бөөдө кырсык тарттырар.
Беттешүүдө өзүн жоготкон адам жетелеме болот.
Бечарага тумоонун кереги не.
Бечел турса (басса), жер өрттөйт.
Бечелге (ден) жөтөл үйүр (кетпейт).
Бечелге жөтөл үйүр (же бечелден жөтөл кетпейт).
Бечелге жөтөлдүн кереги жок.
Бечелге жөтөлдүн кереги эмне (же эмне кереги бар)?
Бечелге көк жөтөлдүн кереги эмне.
Бечелди бекер көрбө (ойлобо), мүмкүн арстандай мыкты чыгар.
Беш кол оозго батпайт.
Беш кол тең (бирдей) эмес.
Беш кол тең эмес.
Беш колду оозго салса береке кетет.
Беш тогоол болбой (өтпөй) бел чечпейт.
Беш тогоол өтпөй бел чечпейт.
Бешик баласы беш түлөйт.
Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет,
карындагы баланын Хан болоорун ким билет.
Бешиктеги баланын ким болорун ким билет?
Бешиктен чыгып, тешикке киргенче.
Бешимден кийин тийген күн жылуу болбойт.
Бешимден кийин тийген күндүн жылуулугу болбой койбойт.
Биз да катын болорбуз, капка таруу саларбыз.
Биз да киши болорбуз, атка кишен саларбыз.
Биз тирүүлөй бир дөбөдөбүз, өлгөндө бир көрдөбүз.
Биздин көчөдө да майрам болоор.
Бий экөө болсо, доо төртөө болот.
Бийди кул десе күлкүсү келет, кулду кул десе өлгүсү келет.
Бийдин максаты — бийлик кылуу, бай максаты — байлык жыйноо.
Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болор.
Бийик дөбөгө (же тоого) чыксаң — көзүң ачылат;
жакшы менен сүйлөшсөң — көңүлүң ачылат.
Бийик тоону жанынан көр, башына чыкпа,
Жакшы кишини алыстан ук, жанына барба.
Бийик тоону көрөмүн десең, башына чыкпа.
Бийик тоонун чокусуна, бир күндө басып — чыгам дебе.
Бийикке чыксаң көзүң ачылат, билимдүүгө жолуксаң көңүлүң ачылат.
Бийиктен кулаган катуу тиет, бийликтен кулаган кара киет,
Бийлик бар жерде зордук бар, зордук бар жерде кордук бар.
Бийлик бар жерде кулдук бар.
Бийлик жаратканда андан кийин элде.
Билбеген — уят эмес, билгиси келбеген — уят.
Билбеген (же билбегендиктен) уу ичет (билбеген уу уртаар).
Билбеген киши жылкыда бөйрөк жок дейт.
Билбеген уу ичет.
Билбегенге уруят, билгендерге уят.
Билбегенди бил, билимдүү —пир.
Билбегенди эшитсең билги болосуң.
«Билбейм» деген бир сөз, «билем» деген миң сөз,
«көрбөдүм» деген бир сөз, «көрдүм» деген көп (миң) сөз.
Билбес кудайды билбейт.
Билбеске айтпа, толбоско куйба, тойбоско бербе.
Билген жолуңду атаңа бербе.
Билген миң балаадан кутулат, билбеген миң балаага тутулат.
Билген миңди башкарат.
Билген суу ичет, билбеген уу ичет.
Билген таап айтат, билбеген каап айтат.
Билгенге бата аяк, билбегенге ант аяк
Билгенден биле элегиң көп, көргөндөн көрө элегиң көп.
Билгенди айтуудан тартынба.
Билгениң бир тогуз, билбегениң токсон тогуз.
Билгениңе кеңеш аяк, билбегениңе ажыраш аяк.
Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.
Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү (же толук) миңди жыгат.
Билек — бир, бармак (же манжа) — башка.
Билек бирге болсо да, манча (же бармак) башка,
тилек бирге болсо да, жүрөк башка.
Билек жирей албаганды — билим жирейт.
«Билем —билем» дей бербе, билгендерди көргөндө.
Билемин десен тутулдуң, билбеймин десең кутулдуң.
Билерман болсо иниси, бийлейт экен агасын.
Билим — адамдын канаты.
Билим — деңиз, акыл — кайык.
Билим — жанып турган чырак.
Билим — жашоо чырагы, өнөр — элдин курамы.
Билим — карыбас, өнөр — арыбас.
Билим — кенч, эмгек анын ачкычы.
Билим — мейман, акыл — ээ.
Билим — оошот, ырыс — жугушат.
Билим — өнөр азыгы, өнөр — эрик казыгы.
Билим — ырыс азыгы
Билим — элге, суу — жерге.
Билим алууну бешиктен башта.
Билим болбой, илим болбойт.
Билим издеген өсөөр, бүлүк издеген өчөөр.
Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.
Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
Билимди сатып албайт, аны казып алат.
Билимди элден изде, алтынды жерден изде.
Билимдин кени китепте.
Билимдин күчтүүсү — адамдык.
Билимдүү баарына түшүнөт, билимсиз өз ишине күтүлөт.
Билимдүү билимин берет, акылдуу акылын берет.
Билимдүү билсе да сурайт, билимсиз билбесе да сурабайт.
Билимдүү бөлмөк — оңой, адам болмок — кыйын,
Билимдүү болсоң озорсуң, билимсиз болсоң осолсуң.
Билимдүү зор, билими жок кор.
Билимдүү өлсө кагазда каты калат, уста өлсө балтасы менен чоту калат.
Билимдүү көп, билген аз, күйүмдүү көп, күйгөн аз.
Билимдүү миңди жыгат, билимсиз бирди жыгат.
Билимдүү молдо пиво сатат.
Билимдүү мээге салат, билимсиз мээден алат.
Билимдүүгө дүйнө — жарык, билим өмүр азыгы
Билимдүүгө дүйнө жарык.
Билимдүүдө бедер бар, билимсизде нелер бар.
Билимдүүдөн акыл сура.
Билимдүүнүн — билими жугат, билимсиздин —
ириңи жугат.
Билимдүүнүн белгиси, билгенин келет бергиси,
акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси.
Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин кири жугат.
Билимдүүнүн сөзү өткүр, мергенчинин көзү өткүр.
Билимдүүнүн түнү — күн,
билимсиздин күнү — түн.
Билими бар — ар балаадан кутулат, билими жок — миң балаага тутулат.
Билиги жок чырак жарылбайт, иштегиси жок жигит жарыбайт.
Билими жокко күн да түн.
Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.
Билими толук (же күчтүү) миңди жыгат, билеги жоон (же күчтүү) бирди жыгат.
Билимиңди элге бере албасаң бекерсиң.
Билимсиз бирди көрсө, билимдүү миңди көрөт.
Билинбей туруп адамга бир ооз сөз адамды дарылайт.
Бир агарган сакалың, кайрадан чыгып карарбас.
Бир ай минбей атыңды мактаба.
Бир айткан сөздү кабыл алганды падыша де.
Бир айтканын эки айткан, төп айтпай сөзүн чеки айтат.
Бир акмак атасы өлгөндө көбөт, бир акмак катын алганда көбөт.
Бир акмак сууга таш ыргытса, жүз акылдуу ала албайт.
Бир амал менен, эки алдай албайсың.
Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны багалбайт
Бир ата — эне отуз уулду багат, отуз уул бир ата —
энени бага албайт. (Бир ата —эне он балага
чыдаса, он бала бир ата — энеге чыдабайт).
Бир аял — аял, эки аял — базар, үч аял кошулса жарманке.
Бир баатыр—согушта, акыл — ачуу келгенде, дос — зарылдыкта (сыналат).
Бир байдын журтун эки чычкан талашат.
Бир барган жериңе миң жолу салам айт.
Бир баш — миң ой.
Бир башта миң үмүт.
Бир буту — көрдө, бир буту — жерде.
Бир буту көрдө (көктө), бир буту жерде.
Бир бээнин эки эмчеги, бири кетсе, экинчисинин
сүтү жок, бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе,
экинчисинин күчү жок.
Бир дарак бакча эмес, бир таш дубал эмес.
Бир жакшы — бар журттун камын жейт, бир
жаман — бар малын жейт.
Бир жакшы бар — журттун камын жейт, бир
жаман бар — журттун малын жейт. Эр жигит
элдин камын жейт, эселек элдин малын жейт.
Бир жакшы бар журттун камын жээр, бир
«жакшы» бар айылдын малын жээр.
Бир жакшылык, бир жамандык унутулбайт.
Бир жамандык бир жакшы — эгиз болуп келет,
бир караңгы бир жарык — түндөн кийин күн келет.
Бир жамандык, бир жакшылык — эгиз болуп, бир келет.
Бир караңгы, бир жарык — түндөн кийин күн келет.
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарылды.
Бир жеңден кол, бир жакадан баш,
бир ооздон сөз чыгарсаң жоого алдырбайсың.
Бир жерде чеки иш кылган ар жерде кепке кемтик, сөзгө сөлтүк.
Бир жердин ала каргасы бир жерге келип телик куш болот.
Бир жигиттин атагы көп жигитке даңк берет.
Бир жолу калп айтсаң, ишенимден ажырайсың.
Бир жолу калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
Бир жолу калпың чыкса, сөзгө алгысыз болосуң.
Бир ирет даам таткан жериңе миң ирет салам бер.
Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт.
Бир үйдүн ашы бир үйгө сонун.
Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт, бирөөнүн көрүнө бирөө кирбейт.
Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт.
Бир өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман.
Бир казан сүттү иритиш үчүн, бир тамчы айран жетиштүү.
Бир казанда эки кочкордун башы кайнабайт.
Бир кайгы бир кайгыны унуттурат.
Бир карасаң — камчы сап, бир карасаң — ийнелик.
Бир карын майды бир кумалак чиритет.
Бир карын сары майды бир кумалак чиритет.
Бир катындын мекери — кырк эшекке жүк деген.
Бир кезде биз да бөрү элек, тайлак басып жээр элек.
Бир кемпир бир кемпирди «кыз» деп тергептир.
Бир кемпир бир кемпирди «кызыке» дейт.
Бир киши арык казса, миң киши суу ичет.
Бир кишиге бир киши, аздык кылбайт, алдырбайт.
Бир кишинин арыгы, миң кишиге суу берет.
Бир кишинин азгыны, миң кишиге уу берет.
Бир кишинин дөөлөтүнө миң киши мас болот.
Бир күн болсо да, күн көргөн жакшы.
Бир күн калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
Бир күн кетмен чапкан нандын даамын билет.
Бир күн туз таткан жериңе миң күнү салам бер.
Бир күн укмуш укпаса, кулак керең болот.
Бир күндүк өмүрүң болсо — түштүгүнө жорго мин.
Бир күндө эки шашкени көрбөйсүң, бир жылда эки жазды көрбөйсүң.
Бир күнү калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
Бир күнү таанышка миң күнү салам бер.
Бир күнү тузун татсаң, кырк күнү таазим кыл.
Бир күнү уруш болгон үйдөн, кырк күнү береке кетет.
Бир күнү шумдук укпаса, кулак дүлөй болот.
Бир күнкү таанышка, миң күнү салам бер.
Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үч көргөн — алыш.
Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үчүнчү көргөн — тууган.
Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш.
Бир көргөн кишиңе, миң салам бер.
Бир көргөндө — тон сыйлуу, таанышканда — бой сыйлуу.
Бир койлууга миң койлуунун иши түшөт.
Бир колуңду ачсаң, бир колуңду жум.
Бир конгон конок кут, эки конгон конок жут, үч конгон конок курут.
Бир коркоктун кесири миңге тиет.
Бир кумалак бир карын майды булгайт (чиритет).
Бир мунарага жеталбай атып, бир мунарага бутун арткан.
Бир мыскал дөөлөттү көтөрүш үчүн, миң мыскал токтоолук керек.
Бир ок менен эки коён атам дебе.
Бир ок менен эки коёнду атыптыр.
Бир ок менен эки коёнду атыш өтө оор.
Бир ооз сөз абийир каралайт, бир ооз сөз жүрөк жаралайт.
Бир ооз сөз жүрөк жаралайт, бир ооз сөз абийиркаралайт.
Билинбей туруп адамга, бир ооз сөз оору дарылайт.
Бир ооздон чыккан сөз миң оозго жайылат.
Бир сап ырдан бир кап чыр да чыгат.
Бир сүйлө, эки ук.
Бир сөз бар — кут, бир сөз бар — жут.
Бир сөз бар — оозго алгыс, бир сөз бар — издесе тапкыс.
Бир сөз — оозго алгыс, бир сөз — издесе тапкыс.
Бир тамчы суу — кумурскага дарыя көрүнөт.
Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт, бирөөнүн
көрүнө бирөө кирбейт.
Бир тамчы суу кумурскага дарыя болуп көрүнөт.
Бир тамчы таш жарат, бир сөз баш жарат.
Бир таш тоо эмес, бир баш эл эмес.
Бир теңге (тыйын) берип айттыра албаганды, миң
теңге (тыйын) берип койдура албайсың.
Бир тентек—бала, бир тентек — кан.
Бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе экинчисинин күчү жок.
Бир тойдо эки жар болбойт.
Бир тоодон бир тоого арзыган кийик ачтан өлүптүр.
Бир тоокко да жем керек.
Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт.
Бир урууда бир жинди болот.
Бир уядан — бир сасык.
Бир уядан бир сасыткы чыгат.
Бир чайнасаң — май чайна, былчылдасын оозуңда.
Бир чайнасаң май чайна, былчылдасын
(чылпылдасын) оозуңда. Бирди минсең жорго мин, кылтылдасын астыңда.
Бир чөптүн гүлүнөн аары бал соруп алса, жылан уу — оруп алат.
Бир чыбык менен миң кой айдалат.
Бир чымчымдан көңүл алат, бир чымчымдан көңүл калат.
Бир эрден чыккан жакшыраак, эки эрден чыккан
как шыйрак, үч эрден чыккан катындан жолдо
турган жоор инек жакшыраак.
Бир этегин жаза баскан, бир этегин үзө басат.
Бир этегин үзө баскан, бир этегин жаза басат.
Бирге билиш болгуча, миңге тааныш бол.
Бирге болсо тебишет, ажырашса кишинешет.
Бирге жүрмөк бар, бирге өлмөк жок.
Бирге тааныш болгончо, миңге билиш бол.
Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет.
Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт.
Бирде манап, бирде кул — пикири жок бир эргул.
Бирди аяган миңден кур калат.
Бирди аяган миңдин убалына калат.
Бирди бакпасаң, жокко зар болосуң.
Бирди билгенче, миң менен тааныш бол.
Бирди жеп уятың чыкканча, миңди жеп атың чыксын.
Бирди капа кылган, миңге чуу түшүрөт.
Бирди кессең — онду тик.
Бирди минсең жорго мин, кылтылдасын астыңда.
Бирди тапсаң, кийип өт, бирди тапсаң, ичип өт.
Бирдик болбой тирдик болбойт.
Бирдик болгон жерде — тирдик.
Бирдик жок жерде тирдик жок.
Бирдики — миңге, көптүкү — түмөнгө.
Бирдиктүү болбой дөөлөттүү болбойт.
Бирдиктүү эл — кебелбес аскадай.
Бирдин билгени — сыңар эмчектин сүтү, көптүн
билгени — ташып аккан дайра.
Бирдин катасы миңди азапка салат.
Бирдин кесепети — миңге, миңдики — түмөнгө.
Бирдин кесепети миңге тиет.
Бири кетсе экинчисинин сүтү жок.
Бири кетти, неси калды?
Бири тентек чыкса, бири жөнтөк болот.
Биригишсе тиштешкен, ажырашса кишенешет.
Бириктирбейт жек көрүү, бел сындырат бөксөрүү.
Бирин эки кылып, битин сирке кылып.
Биринчи байлык — ден соолук, экинчи байлык —
ак жоолук, үчүнчү байлык — жүз соолук.
Бирөө алдында жатып, «турсам өлөсүң» дептир.
Бирөө ашы менен кыйын, бирөө башы менен кыйын.
Бирөө билбегенди бирөө билээр, бирөө ыйлай турганга бирөө күлөөр.
Бирөө билбегенди, бирөө билет.
Бирөө бузуп айтат, бирөө түзөп айтат.
Бирөө десем миң экен, жалгыз десем сан экен.
Бирөө жашаш үчүн иштейт, бирөө жеш үчүн жашайт.
Бирөө жете албай жүрсө, бирөө кете албай жүрөт,
бирөө өлүп жатса, бирөө күлүп жатат.
Бирөө жете албай жүрсө, бирөө кете албай жүрөт.
Бирөө өлүп жатса, бирөө күлүп жатат.
Бирөө өлмөйүнчө, бирөө күн көрбөйт
Бирөө кечээрге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичээрге суу таппай жүрөт.
Бирөө менен дешпе, дешсең бок жешпе.
Бирөө утулмайынча, бирөө куталбайт.
Бирөө эрте, бирөө кеч, барабыз кербен жолуна.
Бирөөгө бак, бирөөгө баш берет.
Бирөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
Бирөөгө жамандык кылсаң өз башыңа тиерин унутпа.
Бирөөгө күлөм деп, өзүң күлкүгө калба.
Бирөөгө күлсөң өзүң ыйлайсың.
Бирөөгө көр казсаң, кенен каз, өзүң барып түшөсүң.
Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала
Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала.
Бирөөнүн катыны, бирөөгө кыз көрүнөт.
Бирөөгө нан кайгы, бирөөгө жан кайгы.
Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң секирип чыгарга.
Бирөөгө ор казсаң, өзүң түшөсүң.
Бирөөгө таш ыргытсаң, ал сага ок атат.
Бирөөлөргө нан кайгы, бирөөлөргө жан кайгы.
Бирөөнүкүнө көз артсаң, өзүңкүнөн кол жууйсуң.
Бирөөнүн — өзү баатыр,
бирөөнүн — сөзү баатыр.
Бирөөнүн — өзү сыйлуу,
бирөөнүн — сөзү сыйлуу.
Бирөөнүн (душманыңдын) өлүмүн тилегенче,
өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
Бирөөнүн (жамандын) өзү (өңү) суук, бирөөнүн
(өзүнөн да) сөзү суук.
Бирөөнүн ажалы оттон, бирөөнүн ажалы топтон,
бирөөнүн ажалы уудан, бирөөнүн ажалы суудан.
Бирөөнүн айдап жүргөн малы бар; бирөөнүн ат көтөргүс даны бар.
Бирөөнүн арканы менен үңкүргө түшпө.
Бирөөнүн ат көтөргүс бөзү бар, бирөөнүн ат көтөргүс сөзү бар.
Бирөөнүн ат көтөргүс даңкы бар, миңге бергис баркы бар.
Бирөөнүн аты терчил, бирөөнүн кийими кирчил.
Бирөөнүн ашына — мойнуңду созбо.
Бирөөнүн бетине түкүрсөң, өз көзүңө тыпын түшөт.
Бирөөнүн жакшы жаманы кирип чыкканча
билинет, өз жаманы өмүр өткөнчө билинбейт.
Бирөөнүн жарчысын коюп, өз жарчыңды жарып ал.
Бирөөнүн ичи — деңиз, бирөөнүн ичи — коңуз.
Бирөөнүн үйүн чечмек бар, тикмек жок.
Бирөөнүн өзү (өңү) суук, бирөөнүн сөзү суук.
Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү (көзү) баатыр.
Бирөөнүн өзү сыйлуу, бирөөнүн сөзү сыйлуу.
Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
Бирөөнүн өрдөгүн (тоогун) жесең каз байла.
Бирөөнүн катыны, бирөөгө кыз көрүнөт.
Бирөөнүн кеңешин ук, бирок өз күчүңө ишен.
Бирөөнүн көзүнөн, бирөөнүн сөзүнөн.
Бирөөнүн көрүнө бирөө жатпайт.
Бирөөнүн колу менен от кармаба.
Бирөөнүн кызматына көз артканча, өз мээнетиңе ишенгениң дурус.
Бирөөнүн тоогун алсаң (же жесең), каз байла.
Бирөөнүн тоогун жесең, каз байла; малын жесең, кыз байла.
Бирөөнүн убалына калгыча, экөөнүн сообуна кал.
Бирөөнүн элинде султан болгончо, өз элинде ултан бол.
Бирөөнү эки кылган — эпчил.
Бирөөнө жамандык кылсаң, өз башыңа (түшөөрүн) тийерин унутпа.
Бирлик бар жерде тирлик бар.
Битке ачууланып, тонуңду отко жакпа.
Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба.
Биттейде бириктик, бармактайда баш коштук.
Биттин ачуусун сиркеден алат.
Биттин ичегисине кан куйган эпчил.
Биттин өчүн сиркеден алба.
Биттүү конок батат, иттүү конок батпайт.
Бүгүн — пэшэ (бай), эртең — гэдэ (кедей).
Бүгүн бар да, эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
Бүгүн бүтүрүүчү ишти эртеңкиге калтырба, өз
колуңдан келүүчү ишти бирөөгө тапшырба.
Бүгүн көргөн — эртең жок, бүгүнкү ач — эртең
ток, тоюнганда топук күт, толгоп салар дүнүйө шок.
Бүгүн көргөн — эртең жок, ушундай белең (же атаны кайран) дүйнө бок.
Бүгүн көргөн эртең жок.
Бүгүн конок — эртең жомок.
Бүгүн чачылсаң, эртеңден үмүт үзбө.
Бүгүнкү ачууңду эртеңкиге калтыр.
Бүгүнкү ачууну эртеңкиге кой.
Бүгүнкү көргөн эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
Бүгүнкү мээнетиң — эртеңки дөөлөтүң.
Бүгүнкүңдү эртеңкиге калтырба.
Бүгүнкүнү көргөн да бар, көрбөгөн да бар.
Бүгүнкүнүн эртеңи бар, кечээгиңди бүгүндөн издебе.
Бүгүнкүнүн эртеңкиси (же эртеси) бар.
Бүкүлүү жебей этке тойбойт, коно жатпай кепке тойбойт.
Бүлдүргө болор жип, бүлкүлдөп үрөр ит жок.
Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.
Бүлөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
Бүркүт алжыса кулаалы менен дос болот.
Бүркүт картайса, чычкан уулайт.
Бүркүт карыса чычканчыл болот, каракчы карыса алдамчы болот.
Бүркүт салсаң, алтайдын кызыл түлкүсүн киесиң.
Бүркүттүн ээси болсо, түлкүнүн кудайы бар.
Бүткөн ишке сынчы көп, бышкан ашка жечү көп.
Бүтпөгөн иш сыртта болсо кар басат, үйдө болсо чаң басат.
Бөдөнө бөлтөйүп, кыргый кымпыйып, тоодак
томпоюп мындай жаткыла, эки сартка бир
тартар, бир саны бизге артар.
Бөдөнө жеп тарууну, чымчык калат балаага.
Бөдөнөнү кыргыйга, жем жараткан — сен дүйнө,
эки эгиздин бирөөнү, кем жараткан — сен дүйнө.
Бөдөнөнү сойсө да касапчы сойсун.
Бөдөнөнүн жатагын көр да, этине таарынба.
Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса «бытпылдык».
Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса «бытпылдык».
Бөздүн көркү менен мата өтөт.
Бөзчү белбоого жарыбайт, темирчи такага жарыбайт.
Бөзчү бөзгө жалчылбайт.
Бөйрөктөн шыйрак чыгарат, бөдөнөдөн куйрук чыгарат.
Бөйрөктөн шыйрак чыгарат.
Бөйрөктөн шыйрак чыгарган (чыгарба), бөдөнөдөн
куйрук (көтөн) чыгарат (чыгарба).
Бөйрөктөн шыйрак чыгарган, бүргөдөн май сызгыргысы келет.
Бөйрөктөн шыйрак, жумурткадан кыр чыгарып.
Бөөдө аракет бел сындырат.
Бөөдө каргыш бөрүгө жетпейт.
Бөөдө каргыш өзүңө тиет.
Бөөдө чыгым баш жарат.
Бөөдө чыгым бөлөккө жетпес.
Бөкөндү минсе ат болбойт, тууган менен үч
бөлүнсө жат болбойт.
Бөксө чайнек бат кайнайт.
Бөксө чайнек катуу кайнайт. Бөөдө аракет бел сындырат.
Бөксөсүндө — бөрү, түзүндө — түлкү.
Бөлүнгөндү бөрү жейт (жарылганды жоо алат).
Бөлөм, бөлөм үчүн өлөм.
Бөлтүрүктү ит деп бакпагын, иттей болбойт кыялы,
душманга өйдө караба, тийбей койбойт зыяны!
Бөлтүрүктү ит деп бакпагын, иттей болбойт кыялы.
Бөрү — жарды, кузгун — тойду.
Бөрү — койго тойбойт, кулак — сөзгө тойбойт,
көңүл — ойго тойбойт, көз — көргөнгө тойбойт,
жер — жутканга тойбойт, куш — учканга тойбойт.
Бөрү азыгы — жолдон.
Бөрү азыгы менен эр азыгы жолдон.
Бөрү арыгын билгизбей, итке жүнүн үрпөйтөт.
Бөрү атар жигиттин бөркүнөн тааны.
Бөрү атар уулду бөркүнөн тааны, журт баштаар
уулду сөзүнөн тааны.
Бөрү атар уулду бөркүнөн тааны.
Бөрү ачыкпай, жортуулга чыкпайт, тойгон бөрү, ууга чыкпайт.
Бөрү баласы — ит болбойт.
Бөрү баласы ит болбойт, бөтөн бала өз болбойт.
Бөрү баласына баш тоголотот.
Бөрү бөрк астында же бөрк астында бөрү бар.
Бөрү жарды кузгун тойду.
Бөрү жебесе да күнөөлүү.
Бөрү жегенге маш, молдо алдаганга маш.
Бөрү жок десе бөрк астында, ууру жок десе жер алдында.
Бөрү жыргаганга маш, молдо алганга маш.
Бөрү каргышы койго жетпейт.
Бөрү карыса — чычканчыл болот.
Бөрү карыса да, бир койлук алы бар.
Бөрү карыса, итке күлкү болот.
Бөрү карысын жектейт.
Бөрү сууну шалпылдатып, кой кечкен суу экен дептир.
Бөрү түндө күч, жоо камсыз кезде чабат.
Бөрү этектен, жоо жакадан алат.
Бөрү этектен, жоо жакадан алганда (жакалап келатканда).
Бөрүгө кой кайтартпа.
Бөрүдөн бөлтүрүк гана туулат.
Бөрүнү аясаң, өзүңдү жарат.
Бөрүнүкү тең орток, кузгундуку куркулдайдын башында.
Бөрүнүн ажалы көтү күйүк иттен.
Бөрүнүн жолу миң, мергенчинин жолу бир.
Бөрүнүн күчү — тишинде, кишинин күчү — ишинде
Бөрүнүн кулагы (эки көзү) ууда, баланын кулагы чууда.
Бөрүнүн тоюна барсаң, бөрүбасарыңды ала бар.
Бөрүнүн эки көзү ууда.
Бөрүчү бүркүт өлүүчү.
Бөрк ал десе — баш алган.
Бөрк ал десе баш алган (кескен), жасакердин жосуну
Бөрк алдында не болбойт.
Бөрк алмак бар, баш алмак жок.
Бөрк алып кел десе, баш кескен.
Бөрк астында — бөрү жок дебе, ээк астында — жоо жок дебе.
Бөрк кийгендин тамагы бир, жол жүргөндүн тилеги бир.
Бөтөлкө менен достошкон, өмүрү менен коштошот.
Боёкчуну боёкчу десе, атасынын сакалын боёптур.
Боз койдон жоош (же момун), ак койдон аңкоо (же маңоо).
Боздоп улуйт тууган жердин шамалы, боор толгоп учуп — күйүп жаналы.
Боздукта (жашында) бенде өлбөсүн, боз топурак көрбөсүн.
Бозмаштуу жерде бото өлбөйт, аңыздуу жерде ат өлбөйт.
Бозмоштуу жерде бото өлбөйт.
Бозо — болгондуку, токоч — тойгондуку.
Бозо болгондуку, токоч тойгондуку.
Бозодогу сөз бокко жарабайт.
Бозоң бозоруп болбогон тамак, ичсе — тойбогон тамак.
Бозойдун мыйыгынан күлгөнү — селкинин оюн билгени.
Бозочу — боорукер болбос, борукчу — кайрыкер болбос.
Бозочунун үйү кыйкырык менен өкүрүк, өтүкчүнүн
үйү апырык менен сапырык, насбайчынын үйү какырык менен түкүрүк.
Бозынач болсо, ботом өлөт беле?
Бой көтөргөн суук көрүнөт, орой сүйлөгөн жек көрүнөт.
Бойлукта байлык жок.
Бок жесең, жүрөгүңдү байлана жүр.
Бокту баспа — сасыйт.
Бокту чапса бетке чачырайт.
Болбогонго болушпа, какаганды бек мушта.
Болбогондо болушпайт (болбогонго болушпа).
Болгон сайын болгусу келет, толгон сайын толгусу келет.
Болгон сайын болгусу келет, толгон сайын толгусу келет.
Болгонуңда болуп өт, боз жоргодой желип өт.
«Болду» дегенден «болот — болот» деген кызык.
Боло турган азамат болоттон кылыч байланат.
Боло турган уулуңду, жибербегин базарга.
Болбой турган уулуңду, коё бергин казанга.
Болоор бала богунан.
Болоор иш болду, боёсу канды.
Болоор кулун желеде жулкунат, болоор бала бешикте булкунат.
Болоору болду, боёсу канды.
Болооруңа келгенде боз жоргоңду такала,
болбосуңа келгенде болгон эрди жакала (жака —белинде жүр).
Болооруңда болуп өт, боз жоргодой желип өт.
Болор бала бешикте булкунат, болор кулун желеде жулкунат.
Болор бала богунан.
Болор иш болуп, боесу канды.
Болор иш болуптур, боёсун кандыр.
Болор кулун — желеде булкуйт, болор бала — бешикте булкуйт.
Болор музоо богунан.
Болор — болбос өлүптүр, ат чаптырып коюптур.
Болору болду, боёсу канды.
Болот (кылыч) кында жатпайт.
Болот бычак кынсыз калбайт, болот ийилбейт, чорт сынат.
Болот ийилбейт, чорт сынат.
Болот кылыч кында жатпайт.
Болот отто чыңалат, адам иште чыңалат.
Болот сынат, бирок ийилбейт.
Болоюн деген балаңды жибербегин базарга,
болбоюн деген балаңды коё бергин казанга.
Болоюн деген уул бар, болтурбайм деген кудай бар.
Болсоң болоттой бол.
Боор ооруган бозорот, табаалаган тамылжыйт.
Боор ооруса, боорго тебет.
Боор оорусу — киндик толгойт.
Боор оорусу (же ооруса) киндик толгойт.
Боору бүтүн, башы эсен адам болбойт (жок).
Боору ооруган бозорот, табалаган тамылжыйт.
Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт.
Борбаш канчалык кыраан болсо да, боз торгойчолук алы жок.
Бороонду тоотпой боорун тоспогон муздак желден коркот.
Бороонду тоотпой боорун тоспогон, болбогон муздак желден коркот.
Бороондуу күндө бок кычайт.
Бороондуу күнү бок кычайт, болжолдуу күнү жок кычайт.
Босогодон мүдүрүлсөң, төрдө эмне бар!
Ботко майдан бузулбайт.
Бош кап тикесинен турбайт.
Бош кап тикесинен турбайт.
Бош челек катуу калдырайт. Бою пекененин — үнү бийик.
Бош челек катуу калдырайт.
Бою бир карыш сакалы миң карыш.
Бою карыш, ою жапыс.
Бою келтенин ою келте.
Бою пакененин ою бийик.
Боюңа карап тон быч.
Боюңа мактанба, оюңа мактан.
Боюңдай бой табылса да, оюңдай ой табылбайт.
Боюна бүткөндөн кийин төрөбөй койбойт.
Боюнун узунун кантейин, акылынын кыскасын кантейин.
Бу да болсо пайда, мунун түбү кайда.
Бу дүйнөдө не карып? Замандашы болбосо карыя
болор тез карып. Кадырын жеңе билбесе, бойго жеткен кыз карып.
Бу дүйнөдөн үмүтүн үзгөн акыретинин камын көрөт.
Бу тоодон бу тоого арзыбаган кийик ачка өлүптүр.
Бузук бар жерде кусур бар.
Бузуку ажо — жолдо турган дөңгөч.
Бузуку киши оңолбойт, калыстык наам жоголбойт.
Бузуку менен муңдашпа, типтүү менен тирешпе.
Бузукунун үйү күйсүн.
Бузулаар үйдөн ырк кетет, атасынан адилдик кетет.
Баласынан намыс кетет, катыны айыңчы, келини ууру болот.
Бузулган элге бучуктан молдо (же улук).
Бузулмак оңой, түзөлмөк кыйын.
Бузулуп калган ашка, ачка болсоң да караба.
Буйга минген төөсү бар, чабаганчы жөөсү бар.
Буйругу жок ашка тиш тийбейт.
Бука жокто — торпок бий.
Бука өлбөгүдөй, инек соолбогондой болсун.
Бука мүйүздүү уйдун сүтү болбойт, уй мүйүздүү
буканын күчү болбойт.
Букада кайын жок, уйда төркүн жок.
Буканы өкүрткөн эки энек.
Буканы кутурткан эки энек.
Буканын жаманы музоого теңтуш
Буканын өзү карыса да, мурду карыбайт.
Буканын мурду карыбайт, эрдин көөнү карыбайт.
Букарда пулу бардын көөнү ток.
Бул жөргөмүштүн жөтөлгөнүн билген неме, бул
бүргөнү такалап минген неме.
Бул түбү жок жыртык дүйнөнүн түбүнө ким жеткен.
Булак өзүн көлмүн дейт.
Булакты жыйсаң көл болот, майданы жыйсаң эл болот.
Буламыктан — тиш сынат, кыламыктан — бут сынат.
Буламыкты да жасаган катын жасайт.
Булбул багына конот, падыша такка конот.
Булбул түндө сайрап, күн чыкканда эс алат.
Булбулдан чечен бир куш жок, тырмактай — ак карасы.
Булбулдун доошун эшитпей, буралып талаа ачылбайт.
Булбулдун унун укпай, жайкы талаа ачылбайт.
Булбулдун мукам үнү бар, тайлактын таза жүнү
бар, боло турган азамат, болоттон кылыч
байланып, жоого тийсе сүрү бар.
Булбулдун мукам үнү бар, торгойдун жумшак тили бар.
Булбулдун ырын карга кайдан түшүнсүн.
Булду берсең, сүткө бер.
Булдурсун камчы тийсе да, баатырдын жүзү түктөйбөс.
Булут ала — жер чоло.
Булут минип, муз бүркүп, сен да өтөрсүң дүйнөдөн.
Илкий — силкий жөө жүрүп, мен да өтөрмүн дүйнөдөн.
Булут шамалга каршы жылбайт.
Булуттан чыккан — күн ачуу, жамандан чыккан — сөз ачуу.
Булуттун кадыры жок — ай жанында.
Кедейдин кадыры жок — бай жанында.
Булуттун көркү жери менен, буудайдын көркү тери менен.
Бура сүйлөгөн сөз күлөөргө жакшы, булкунган ат минээрге жакшы.
Бура сүйлөгөн сөз күлөөргө жакшы.
Буран, белдин кайгыга батканы — бозойдун кабарсыз жатканы.
Буран, иштин — арты ылаң.
Бурган сөз — урган сөз.
Бут — басар, кол — табар.
Бут серпкенге ал келбейт, ажал жетип күн бүтсө.
Бутагың сынса сынсын, бирок тамырың соолубасын.
Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары адам атала бербейт.
Буту сынган — жатып алып семирет, колу сынган — басып жүрүп арыктайт.
Буту сынган жатып семирет, колу сынган туруп жүрүп арыктайт.
Бутунан кулаган турат, оозунан кулаган турбайт.
Бутунан мүдүрүлгөн (жаңылган) турат, тилинен
(оозунан) мүдүрүлгөн (жаңылган) турбайт.
Буудай наның болбосо да, буудайдай сөзүң жокпу.
Буудай сепкен таалайсыздын, аңызына арпа чыгат.
Буудай сепсең, бузуп арпа айдаба.
Буудай токочуңду бербесең да, буудайдай сөзүңдү аяба.
Буудайдын бараар жери — тегирмен, кыздын бараар жери — күйөө.
Буудайдын барар жери — тегирмен.
Буурусун чийген чийин жок, суур казган ийин
Бучук мурдун жашырбайт, сыпайы сырын жашырбайт.
Буюкканга жылдыз — от.
Буюм керек учурунда жакшы.
Буюмду адам жаратат, адамды кудай жаратат.
Буюмдун кирин самын жууйт, көңүлдүн кирин акыл жууйт.
Буюрбаган ашка мурун канайт.
Буюрбаган аштан үмүт этпе.
Буюрбаган ашыңа, жөө конок келсин кашыңа.
Буюрса — Букардан аш келет.
Былтыркыдан калган иш жок.
Бысмылданын ашын шайтан түгөтөт.
Бычагы курч байыбайт.
Бычагыңды чыны менен бер, чыны менен берсең, кыны менен бер.
Бычак берсең — кындап бер, кындап берсең — чындап бер.
Бычак жарасы айыгат, сөз жарасы айыкпайт.
Бычак канча өткүр болсо да, өз сабын жонбойт.
Бычакты өзүңө ур, оорубаса бирөөгө ур.
Бычактын көркү — курчунда, суусардын көркү — сыртында.
Бычмачынын күчүгүндөй шыпылдап.
Бышаарына күйүп, чыгараарына күйбөйсүңбү?
Бышкан жемиш сабагында турбайт, бышыксынган адамдар бересеге чалынат.
Бышкан жемиш сабагында турбайт.
Бышпастан мурда бышырдың, күйбөйстөн мурда күйгүздүң.
Бышты, ат башына чычты.
Бышык болом деп жатып, жек — жаатыңдан кол үзбө.
Бышыксынган адамдар бересеге чалынат.
Бышылуу тамактын күйүтү жаман.
Бээ баласын чапчыса да, берт кылбайт.
Бээ десең төөгө кетет (же төө дейт).
Бээ карыса чөл, сыйыр карыса көл.
Бээ кулунун катуу тепсе да, мерт кылбайт.
Бээ туумайынча байтал аты калбайт, катын
төрөмөйүнчө келин аты өчпөйт.
Бээ туугуча — байтал, катын төрөгүчө — келин.
http://kyrgyzinfo.ru/ sayfasından alıntıdır.