Баланы — жашынан, катынды — башынан.
Баланы бак, жоону чап.
Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр,
жамандыктан кубалап адаштыр.
Баланы кебезге ороп бага албайсың.
Баланы мээнет чырмаса, саргара түшүп таз болот.
Баланы тарбиялоо — ташты кемиргенге тете.
Баланы таяк менен урба, сөз менен ур.
Баланы таяк менен эмес, акыл менен тарбияла.
Баланы чыйрак өстүр, жоодо сына.
Баланы—жашынан, катынды— башынан.
Баланын балакайы да бар, калакайы да бар.
Баланын бары да балаа, жогу да балаа.
Баланын жогу да балээ, бары да балээ.
Баланын үйү — бапанын алачыгы.
Баланын үйү, бапанын алачыгы эмес.
Баланын өзүн төрөйт, кыял —жоругун (кошо) төрөбөйт.
Баланын сегизинде тиши түшөт, сексенинде эрдин эрге иши түшөт.
Баланын тарбиясы жашынан,
Баланын тентек болмогу үйүнөн, эрдин тентек болмогу бийинен.
Баланын тентек болмогу үйүнөн.
Баланын тентек болушу үйдөн, таалим — тарбиядан.
Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.
Баланын туулганына кубанба (же сүйүнбө), тураарына кубан (же сүйүн).
Баланын ырайына жараша ат кой.
Балапандарды күзүндө санайт.
Баласы баатырдын, атасы ардактуу.
Баласы жоктун — ырысы жок.
Баласыз — бир азап, балалуу — миң азап.
Баласыз үй — бактысыз.
Балбан (күчтүү) менен күрөшпө, түптүү менен
тирешпе, шамал менен жарышпа.
Балбан менен күрөшпө, түптүү менен тирешпе,
шамал менен жарышпа.
Балдар эмне дедирбейт, ачкалык эмне жедирбейт.
Балдардын буламыгын жеп койду деп, акмак аялын күнөөлөйт.
Балдарыбыз — биздин келечегибиз.
Балды сүйсөң, аарынын ачуусуна чыда.
Балдыз күйөөнүн кулагын чоет, жылкычы ышкырып коет.
Балдыздары келгенде, күйөөнүн чери жазылат.
Балкачынын миң урганы — барсканчынын бир урганы.
Балта көтөргүчө дөңгөч дем алат.
Балта көтөргөнчө, дөңгөч эс алат.
Балталууга отун жокпу, байталдууга катын жокпу.
Балтасыз бай болбойт, калтасыз кайырчы болбойт.
Балтасын сууга түшүргөн орустай болуп.
Балчы менен төлгөчүдөн, өз аялың артык айтат.
Балык башынан сасыйт (чирийт).
Балык жеген багышпайт, пейили кеткен бекишпейт.
Балык жеген байыбайт, бейли кеткен беришпейт.
Балык иримчил, кары ырымчыл, жаман арызчыл.
Балык көлдө өлбөйт, баатыр чөлдө өлбөйт.
Балык менен акындын, ойноок мүнөзү окшош.
Балыкка тил, дөңгөчкө жан киргизгенди сыйкырчы дейт.
Балыкты сууга салып коркутпа.
Балыктын өз майы менен өзүн эмде.
Балыктын өмүрү сууда.
Балыктын күнү – көл менен, жигиттин күнү — эл менен.
Балыктын суусуз күнү жок, «Күнүм жок» дешке үнү жок.
Балыктын тирилиги суу менен, эрдин тирилиги элменен.
Балыктын тиричилиги суу менен.
Балыкчыны балыкчы, алыстан тааныйт.
Балыкчынын аты чөлдөп өлөт.
Балырлуу жерде бака бар, тулпар атта така бар.
Балээ кетсе, бакыт келет.
Бар — балтаң, жок — калтаң.
Бар — барын айтат, жок — зарын айтат.
Бар — батаң, жок — катаң.
Бар — шаттантат, жок — какшантат.
Бар барын жейт, уятсыз арын жейт.
Бар болбой малың чачылбайт, жок болбой жолуң
ачылбайтБашыңа мүшкүл иш түшпөй, малың арзан сатылбайт.
Бар болсо — айымчылык, жок болсо — кайырчылык.
Бар болсо — көрө албайт, жок болсо — бере албайт.
Бар болсо — ташыба, жок болсо — шашпа.
Бар болсо бакмагы кыйын, жок болсо тапмагы кыйын.
Бар болсо — чачпа, жок болсо — шашпа.
Бар болсо, айымчылык, жок болсо, кайырчылык.
Бар карындаш батууда болгончо, жок карындаш
жолдо болсун. (Жок карындаш жолдо болгончо,
бар карындаш батууда болсочу).
Бар карындаш батууда болсун, жок карындаш жолдо болбосун.
Бар качаган кутулбас, жок качаган тутулбас.
Бар мактанса табылаар, жок мактанса чабылаар.
Бар не дедирбейт, жок не жедирбейт.
Бар окшотот, жок какшытат.
«Бар» таттуу сөз, «жок»— ачуу сөз.
Бара турган жериңе какырба да түкүрбө.
Бараар жери жоктун, басаар тоосу жок, барбага
жерде жыргал көп, барсаң аны таппайсың.
Баракелде көзөлүм, чаап алган өз элин.
Барбаган жери жоктун, баспаган жолу жок,
кечпеген суусу жоктун, ашпаган ашуусу жок.
Барбаймын десе эрки жок, башына тиет керки чот.
Барга — бар, жокко — жок.
Барга — майрам, жокко — ойрон.
Барга бар дүйнө, кедейге кем дүйнө.
Барга канаат, жокко сабыр.
Барга көппө, жокко чөкпө.
Барга майрам, жокко ойрон.
Барга мактанба, жокко кайгырба.
Барган жериң от болсун, балакети жок болсун.
Барда аябаган жокко тойбойт.
Бардар киши байлыкка мас, акылга пас, кедей
киши акылга мас, байлыкка кас.
Бардар менен дос болсоң, каалаганың аласың,
жаман менен дос болсоң, кара өзгөй — доого каласың.
Барды аябаган, жокко тойбойт.
Барды аяган, жокко тойбойт.
Барды көрө албайт, жокко бере албайт.
Барды сурабайт, жокту тилебейтБармак басты, көз кысты.
Бардыгын турмуш өзгөртөт, байкагын өмүр, күч кетет.
Бардык жарашып турат, жоктук талашып турат
Бардын акыры — ада, алп акыры — кор.
Бардын иши барман менен, жоктун иши арман менен.
Бардын малын чачам, жоктун уятын ачам.
Баркыңды билбегенге барба.
Бармак басты, көз кысты.
Барса — базар, келсе — кербен.
Барчылык — жарашып турат, жокчулук — талашып турат.
Барыктаса, башка чыгат.
Барына шүгүр, жогуна тобо.
Баскандан эринген, бир кезекте жүгүрөөр.
Баскандан эринсең жүгүрөрсүң.
Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр
жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
Баспаган атка «чу» деген сөз дем берет.
Баспас ат, өтпөгөн бычак эрди тез карытат.
Баспас ат, өтпөс бычак эрди тез карытат.
Бассаң бутуңа этият бол, сүйлөсөң тилиңе сак бол.
Бастырган – бараар, чапкан калаар.
Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат.
Басыгын бузган ат аксайт, алкымын бузган эр аксайт.
Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт.
Батар күндүн атар таңы бар.
Батмандап кирген оору маскалдап чыгат.
Бахылдын (сараңдын) багы көгөрбөйт, көгөрсө да, көбөйбөйт.
Баш — акыл үчүн, акылман — эл үчүн.
Баш — акылдын кабы, көз — жандын айнеги
Баш айрылса — бөрк ичинде, кол сынса — жең ичинде.
Баш айрылса (жарылса) бөрк ичинде (алдында), кол сынса, жең ичинде.
Баш айрылса, бөрк ичинде.
Баш— акыл үчүн, акылман — эл үчүн.
Баш аман (соо) болсо — бөрк табылат.
Баш аманда мал таттуу, баш ооруса жан таттуу.
Баш болуу оңой, баштап кетүү кыйын.
Баш жарылса — бөрк ичинде, кол сынса — жең ичинде.
Баш иштебесе бутка күч келет.
Баш иштебесе, бутка күч.
Баш канжыгада, кан — көөкөрдө.
Баш кесүү (же кесмек) бар, тил кесүү (же кесмек) жок.
Баш көбөйсө — ырыс, кас көбөйсө — уруш.
Баш көйрөң — тузчу, орто көйрөң — отунчу,
аяккы көйрөң — уйчу.
Баш куйрукту күтпөйт.
Баш мээси менен, мал ээси менен.
Баш соо болсо, бөрк табылат.
Баш экөө бөлбөй, мал экөө болбойт.
Баш эсен болсо, топу табылат.
Башка бирөө менен дешпе, дешсең башканы аралаштырып жешпе.
Башка жерден көк асманды көргөнчө, өз жериңде кара булутту көр.
Башка иш тушсө, байтал жорго болот, мата торко болот.
Башка келген балаага, кулак —мурун садага.
Башка келгенде — көз көрөр.
Башка келсе (же чапса), байтал жорго болот, мата торко болот.
Башка түшкөндү көз көрөөр.
Башка түшсө — байтал жорго болот.
Башка түшсө, бала да көнөт.
Башка элге барып султан болгуча, өз элиңде ултан бол.
Башкага жасаганың да өзүңө пайда
Башканы танса да, токочту танбайт.
Башканын кайгысына кубанба, бактысына кубан.
Башта уткан — байыбайт, кийин уткан — кейибейт (же кемибейт).
Баштагы болбой мал болбойт, башчысы болбой эл болбойт
Баштагы болбой, мал болбойт, башчысы болбой, эл
болбойт. Какаары болбой, кыш болбойт, катыны болбой, эр болбойт.
Баштагынын жашы болсоң, эмикинин карысы болоорсуң.
Башталганга мактанбай, бүткөнгө мактан.
Башталганча мактанбай, бүткөндө мактан.
Баштан ашкан убара.
Баштоочу болсо, коштоочу табылат.
Баштуу тойдун ыры көп, башсыз тойдун чыры көп.
Башты — балта бузат, жылкыны — маңка бузат.
Башты асыраган — эки кол.
Башты балта чабат, жылкыны маңка бузат.
Башты башкара билген башкага үлгү.
Баштык ичпейт, баш ичет.
Баштыктагы түгөнгүчө баш аман болсун.
Башчы дурус болбосо — журт бузулат, соода дурус
болбосо — нарк бузулат.
Башчы экөө болсо акыл — жалгыз
Башчысы болбой марыбайт, башаламан жарыбайт.
Башы — бапан, аягы — сапан.
Башы барга май токтойт.
Башы батпагандын балтыры сыйат.
Башы бүтүн аман жүрөт.
Башы бүтүн, боору аман — адам жок.
Башы жок бака, көзү жок көгөн.
Башы катуунун, аягы таттуу.
Башы оорубаган кишинин — кудай менен иши жок.
Башы оорубаган кудай менен иши жок.
Башы оорубагандын кудай менен иши жок.
Башы оорубастын башка менен иши жок.
Башы ооруган бакшыга барат, дөөлөтү ашкан жакшыга барат.
Башы ооруп, балтыры сыздабагандын эчтеме менен иши жок.
Башы тоголоктун (же томолоктун) бардыгы адам боло бербейт.
Башын аманда малың түгөлдө.
Башың аманында малыңды түгөлдө.
Башың баш, багалчагың кара таш.
Башың ооруса бакшы изде, жаның ооруса жакшы изде.
Башыңа иш түшкөндө жакшы кейип өтөт, жаман күлүп өтөт.
Башыңа иш түшсө, төбөң менен кудук казаарсың.
Башыңа күч келсе, башмандак атасың.
Башыңа төө түшсө, чымындай көр, чымын консо төөдөй көр.
Башыңа тоо түшсө да чымындай көр.
Башыңдан ким сыласа, машаягың ошо, жаныңда ким отурса, сулууң ошо.
Башыңы ким сыласа машаягың ошо, маңдайыңда (жаныңда) ким отурса,
сүйгөнүң да (же сулууң да) ошол.
Башым канжыгада, каным көөкөрдө.
Башымдан өтпөгөнгө баламын, башың өткөн жерден өзүң өтөсүң.
Башын баштайт, аягын таштайт.
Башына тартса — аягына жетпейт, аягына тартса, башына жетпейт.
Башынан багы качкандан — адам да качат.
Баягы, баягы — Байкожонун таягы.
Бегиңе жеткиче белиңди сындырам.
Бедели жок жигиттен, белес жорткон жел артык.
Бедери жок торкодон бек токуган бөз жакшы.
Бейжай аял белгисиз ыйлайт.
Бейишти бөтөн жерден эмес, киндик каның тамган жерден изде!
Бейиштин ашын көрмөк бар, жемек жок.
Бейкайратка бейиш жок.
Бейли тар адам кең идиштен аш иче албайт.
Беймаал конок душмандан жаман.
Беймаал кыйкырган короздун, башын жулуш керек (кесмек парыс).
Бейтаалай эрдин башына, бэйжай аял жолугат.
Бешимде туруп кеп айтсаң, беш күнгө чейин оолугат.
Бек байлагын атыңды, жайына кое бербегин, эси жок эсер катынды.
Бек зикир чалса, бек эместер бакшы болот.
Бекем катсаң, оңой табасың.
Бекер алгандын берекеси болбойт.
Бекер жерден мышык аптапка чыкпайт.
Бекер жүргөнчө, бекер оку.
Бекер ичкен — бей таалай, таап ичкен — чоң таалай.
Бекер ичкен бей таалай, таап ичкен чоң таалай.
Бекер киши таз болбойт.
Бекер турганча, бекер иште.
Бекерден кепин табылса, чулганып алып өлүш керек.
Бекерден теңирим безер.
Бекердин атасы өлүптүр.
Бекердин чолоосу жок, устанын тогоосу жок.
Бекеринен кепин табылса өлүш керек.
Бекеринен мал тапсаң, берекеси жок болот.
Бекерчиден безе кач, өнөрлүүгө өтө кач.
Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач,
жатакчыдан алыс кач.
Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач.
Бел бекчейсе, көз чекчейет.
Бел кырчоодон сарала.
Белден күч кеткенде, колдон иш кетет.
Белек баалуу эмес, сый баалуу.
Бели ооруп көрбөгөн киши, бекерликти жакшы
көрөт. Колу жоорубаган киши, кошоматчылыкты
жакшы көрөт.
Бенде болмок бир жылда, ажы болмок кырк жылда.
Бенденин оозунан чыкса, бериштенин кулагына аян болот.
Бер десең — үтүрөйөт, ал десең — жылмаят.
Бербеген кудайга чоң дооң барбы.
Бербегенди берип уялт, келбегенди барып уялт.
Бербегенди берип уялт.
Бербес жерде буюм бар, жакпас жерде отун бар.
Бербес кыздын салыгы оор.
Бербесең — алышпайсың, келбесең — алыстайсың.
Бербеске эртең менен саамал, берерге бешимде кымыз.
Бербестин ашы бышпас, бышса да казандан түшпөс.
Бербестин ашы бышпас, бышса да очок башынан түшпөс.
Бербестин ашы бышпас.
Бербестин шылтоосу көп.
Берген алат, эккен — орот.
Берген баатыр эмес, алган баатыр.
Берген жоомарт (баатыр) эмес, алган (сураган) жоомарт (баатыр).
Берген жоомарт эмес, алган жоомарт.
Берген колум алаган, майлуу колум жалагам.
Берген кудайына жагат.
Берген март эмес, алган март.
Бергенге беш да көп, алганга алтымыш да аз.
Бергенге бир да көп, алганга жүз да аз.
http://kyrgyzinfo.ru/ sayfasından alıntıdır.