Atasözleri -B- (Макалдар -Б-) 1.part

Баардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт.
Баары (бардыгы) бирөө үчүн, бирөө баары (бардыгы) үчүн.
Баары шумдук баладан чыгат.
Баары эле пайда дейт, зыянды кандай шордуу көрөт?
Баарына бар назир.
Баарынан — нан улук.
Баарынан өкүнүч жаман.
Баарынан качып кутулат, өлүмдөн качып кутула албайт.
Баарынан нан улук.
Баатыр — баатырды көзүнөн тааныйт, чечен —
чеченди сөзүнөн тааныйт.
Баатыр — бир октук, бай бир жуттук.
Баатыр — маңдайлаш, чечен — тандайлаш.
Баатыр — орток, кут — жалгыз.
Баатыр — согушта, акыл —ачуу келгенде, дос —
зарылдыкта сыналат.
Баатыр (барман) табат, батман ичетБаатырга таяк
да жаракБаатырдыкка даба жок.
Баатыр (эр жигит, жакшы) өлсө бир өлөт. Коркок
(эселек, жаман) өлсө миң өлөт.
Баатыр баатыр эмес, мал баккан баатыр.
Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.
Баатыр болмок — маңдайдан, чечен болмок — таңдайдан.
Баатыр болсоң — душмандан качпа.
Баатыр болсоң — шер бол, коркок болсоң — жер бол.
Баатыр болуп бай болсоң — бүрдөп турган
терексиң, баатыр болуп жок болсоң — үрүп чыккан серексиң.
Баатыр жарасыз болбойт.
Баатыр жол баштайт, чечен сөз баштайт.
Баатыр жоо барында сыйлуу, бий доо барында сыйлуу.
Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат.
Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат.
Баатыр өлүмү марадан.
Баатыр өлсө аты (наамы) калат, коркок (жанбагар) өлсө неси калат.
Баатыр өлсө да куралын таштабайт.
Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.
Баатыр табат, батман жейт.
Баатыр табат, батман ичет.
Баатыр туулса — эл ырысы, жамгыр жааса — жер ырысы.
Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт.
Баатыр чын айтат, коркок калп айтат.
Баатыр элден өсөт, акмак элден безет.
Баатыр элден чыгат, байлык жерден чыгат.
Баатырга (эрге) да жан керек, бакырга да жан керек.
Баатырга да жан керек, каапырга да жан керек.
Баатырга таяк да жарак.
Баатырга тийген жары эрте тул болот.
Баатырды — жоону жеңгенден кийин макта,
тамакты бойго сиңгенден кийин макта.
Баатырды көрсөң кыдыр тут, букара көрсөң кадыр тут.
Баатырдык билекте эмес, жүрөктө.
Баатырдыкка даба жок.
Баатырдын (эрдин, жакшынын) атын (даңкын)
алыстан ук, (эрдин өзүн көрбө, даңкын ук), жанына барсаң бир киши.
Баатырдын алдынан түлкү чыкса кылактап — олжо
болот, аял чыкса булактап — жолтоо болот.
Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.
Баатырдын баш ийгени — өлгөнү.
Баатырдын жоодон өлгөнү — элине шыпаа.
Баатырдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.
Баатырдын көркү — маңдайда, чечендин көркү — таңдайда.
Баатырдын көркү— эрдикте
Баатырлар маңдайлашып, чечендер таңдайлашып.
Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөбүз.
Багы ачыктын маңдайы жарык.
Багы бар, багы барга дагы бар, багы жок, багы
жокко дагы жок.
Багы бардын ташы да өйдө кулайт.
Багы башынан качкандан адам да качат.
Багы жокко дагы (баары) жок.
Багыштын богун жеген ит кутурат.
Багыштын кызы баймалуу (кийиз өтүктүү), багалеги саймалуу.
Бадалдуу жерде сайгак көп, балалуу үйдө айгак көп.
Бадачы сайгактан коркот.
Бадыша кудаа эмес, кудадан жудаа эмес.
Бажа бажаны көргөндө башы кычышат, балдыз
жездени көргөндө төшү кычышат.
Бажа бажаны көрсө башы кычышат.
Базар — бай, барган — кедей.
Базар барга — таттуу, жокко — ачуу.
Базар барга — таттуу, жокко — ачууБазардын
алысы жок сатаары болсо, падышанын калысы
жок таажысы болсо.
Базар ичи байыбайт.
Базар көркү — бакал, эр көркү — сакал.
Базарга бар, бактыңан көр.
Базарга барат Карыбай, жатып келет жарым аи.
Базарда баары бар, издегенди таба албайсың.
Базарда миң киши бар, ар кими сүйгөнүнө салам берет.
Базардын алысы жок—сатаары болсо, бадышанын
калысы жок — таажысы болсо.
Базарлуу жоо менен байкуш уул кармашат.
Базары жакын байыбайт, калп айткан киши жарыбайт.
Базары жакын байыбайт, соодагер жакыны
жарыбайт, мазары жакын тынбайт.
Базары жакын байыбайт.
Байыркынын жомогу баштаса келер оролу.
Бай — байга куят, сай — сайга куят.
Бай — балпаң, жок — жалтаң.
Бай — барман менен, жок — дарман менен.
Бай баарын киет, жок барын киет.
Бай байбиче куймакта, кул менен күң көмөчтө.
Бай байга куят, суу сайга куят.
Бай байлыгын, кул чарыгын салат.
Бай балтаң, кедей жалтаң.
Бай баласы кубанаар койдон тууган эгизге,
арамзалар көз салаар—жылкыдагы семизге.
Бай баласы сүйлөсө, төө, тайлакты кеп салат.
Чач Тарачтын баласы, устара, кайрак кеп салат.
Бай барман менен, жок дарман менен.
Бай барынча, жок алынча.
Бай билгенди кул билет, айтайын десе эрки жок.
Бай болбогон бай болсо — отоого чөп койбойт, бий
болбогон бий болсо — сүйлөөгө сөз койбойт.
Бай болбогон бай болсо, корубаган жер калбайт.
Бай болбоочу жигитке, өлөсөл мал жолугат. Куу
баш болчу жигитке, туубас катын жолугат.
Бай болгон адам ток болот, мас болгон адам шок болот.
Бай болом деп шашылганың — кедейликке ашыкканың.
Бай болсоң — магдыраба, жарды болсоң — мөгдүрөбө.
Бай болуп көргөн жокмун, байкуш болуп өлгөн жокмун.
Бай болуп көргөнүм жок, жакыр болуп өлгөнүм жок.
Бай болуп көргөнүм жок, жарды болуп өлгөнүм жок.
Бай болуучу жигитке өлбөгөн мал жолугат.
Бай боорун тааныбас, соода жокко карабас.
Бай даңкы менен, кедей күчү менен жашайт.
Бай жандаган кедей оңбос, кербен жандаган малай оңбос.
Бай жарды болсо, үч жылы байлыгын коё бербейт,
жарды бай болсо, үч жылы жардылыгын коё бербейт.
Бай жегени уча менен куймулчак, кедейдики өпкө
менен кекиртек, шыйрак менен шыймылчак.
Бай өлгөн аттын такасын издеп, алты ай жер казыптыр.
Бай караган марыбайт, жалчы жүргөн жарыбайт.
Бай кийсе, «куттуу болсун!» дейт, кедей кийсе, «кайдан алдың?» дейт.
Бай көргөндү мен көрөм, тартайын десем күчүм жок.
Бай мактанса бир жуттук, эр мактанса бир октук.
Бай мактанса табылат, кедей мактанса чабылат.
Бай малын айтат, кедей несин айтат.
Бай малын жейт, кедей жанын жейт, уятсыз арын жейт.
Бай менен байбиче урушса, кул менен күн — куймакта.
Бай менен кедей баш кошпойт.
Бай менен куда болсоң — чиренет, жарды менен куда болсоң — тиленет.
Бай салык салса, кул чарык салат.
Бай сотко барса — барпаңдайт, кедей сотко барса — калтаңдайт.
Бай союуга козу таппай, жардынын жалгыз козусун сураптыр.
Бай тойгонунан ыткытат, кедей ачкасынан ыткытат.
Бай уулунун назары ач, ыймандуу киши андан кач.
Бай —байлашып ыйлоого, бай Тейиттей эл керек.
Байбиченин амалы кырк эшекке жүк.
Байбиченин бардыгы — төөдөй кара сандыгы.
Байбиченин түлкүсү түштө улуйт.
Байга бар дүйнө, жокко тар дүйнө.
Байга жагынам деген жардынын жалгыз эчкиси чыгым болуптур.
Байга жанашсаң, башың торго чалынат,
Бекке жанашсаң, белчеңден азапка батасың.
Байга кийиз мүлк эмес.
Байга күндө майрам, күндө той, кедейге күндө кайгы, күндө ой.
Байгамбар – кудай эмес, кудайдан жуда эмес.
Байгамбар барына азыр (ыраазы), жогуна кайыл.
Байгамбар жашка барганда сууктан кач, ысыкка шаш.
Байге аты — караандашБайталым, жаның үчүн жорголоорсуң.
Байге аты каралдаш (же караандаш).
Байге бербес күлүктүн жүрүшүнөн байкалат, ашык
болгон жигиттин күлүшүнөн байкалат.
Байдан май чыкса, кедейден туз чыгат.
Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич, бийден эт жегиче, байкуштан чай ич.
Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич.
Байдан эт жегиче, байкуштан чай ич.
Байдасыз билим — жаансыз булут.
Байды байыткан — кулу.
Байды балакет басса, жортуул баштайтБээни балакет басса, кулун таштайт.
Байды кудай урарда — байталын сатып ат кылат,
жакшыны кудай урарда — жакынын сатып жаткылат.
Байды кудай урарда конок келсе жашынат, атты кудай урарда аягынан басынат.
Байды кул десе күлкүсү келет, кулду бай десе, өлгүсү келет.
Байды мактаба, кедейди жектебе.
Байды мээнет чырмаса, ашканага жашынат.
Байды тууп алат, байбичени сатып алат.
Байды чоң сүйлөткөн, короодогу койлору.
Байды ээрчиген жарды өлөт.
Байдыкы барымта, кедейдики сыйрымта.
Байдын ашын байкуш аяйт, байдын ашын Байдөбөт кызганат.
Байдын ашын байкуш аяйт.
Байдын байлыгы кедейдин көз жашынан жаралат.
Байдын башы кычышат, кедейдин курсагы ачышат.
Байдын баянасы жугат, жоктун жоорутмасы жугат.
Байдын иши барман менен, кедейдин иши арман менен.
Байдын казаны тегин жерден кайнабайт,
дасторкону тегин жерден жайнабайт.
Байдын карманары малы, кедейдин карманары жаны.
Байдын катыны өлсө, төшөгү жаңырат, жардынын
катыны өлсө, башы каңгырайт.
Байдын көп малы көзгө көрүнбөйт, кембагалдын
жалгыз эчкиси көрүнөт.
Байдын кулу коломтонун кулу.
Байдын малы кадырлуу, жардынын жаны кадырлуу.
Байдын малын аяба, кете берсин талаага.
Байдын малын аяба, суктун чайын аяба.
Байдын нээти кара — колу ак, кедейдин колу кара —нээти ак.
Байдын тамыры көп, бийдин кулагы көп.
Байдын түбү — уурулук.
Байдын уулу айраның, айраның болбосо, чыгараар эле ойронуң.
Байдын уулу калаада, байкуштун уулу талаада.
Байдын уулу назары ач, ыймандуу киши, андан кач.
Байдын уулу сүйлөсүн, мурду бучук болсо да.
Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа.
Байкуш эңсейт — байлыкты, карыя эңсейт — жаштыкты.
Байлаганды билсең, чечкенди да бил.
Байлыгың болбосо да баркың болсун.
Байлык — байлык эмес, бирдик — байлык.
Байлык — куушурат, жоктук — бышырат.
Байлык — мурат эмес, жоктук — уят эмес.
Байлык адамды эсиртет, эсирген адамдын кесири көпкө тиет.
Байлык бакыт эмес.
Байлык бирөөнүн маңдайына бүтсө, бирөөнүн таңдайына бүтөт.
Байлык жерде, күч элде.
Байлык өтөт, кедейлик кетет.
Байлык колдун кириндей, бирде келет, бирде кетет, жукса турат, жууса кетет.
Байлык мактантат, кедейлик сактантат.
Байлык менен бийлик колдун кири, жууса кетет, өлсө калат.
Байлык мүлктө эмес — талантта.
Байлык мурат эмес, жоктук уят эмес.
Байлык не дедирбейт, жоктук не жедирбейт.
Байлык эмне дегизбейт, жоктук эмне жегизбейт
Байлыксыз эл болбойт, байгамбарсыз дин болбойт.
Байлыктан көрө биримдик артык.
Байлыктуу — баатыр, байлыксыз — жалтак.
Байлыкты бөлүм түгөтөт, ооруну өлүм түгөтөт.
Байлыкты сүйгөн намысты билбейт.
Байлыкты эл жаратат, басынткан жер каратат.
Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
Байлыкты эмгектен, теңдикти күрөштөн изде.
Байлыктын атасы — эмгек, энеси — жер.
Байлыктын баарысы жакшы, барктуусу билим.
Баймын деп, мактанба, жокмун деп, суктанба.
Байтал жүгүрүп (же чаап, же чуркап), байге албайт.
Байтал жүгүрүп байге албайт.
Байтал күлүк баркта жок, катын чечен наркта жок.
Байтал минсе, кул жок, саамал ичсе, кымыз жок.
Байталга күнүң түшсө да, байга күнүң түшпөсүн.
Байталым, жаның үчүн жорголоорсуң.
Байы өлгөн кул дардактайт.
Байы чоңдун кулу чоң.
Байыганда досуң көп, жакырлансаң доочу көп.
Байыдым деп сүйүнбө, ийгилигиңе сүйүн.
Байыркынын жомогу, баштаса келер оролу.
Бак башыңа консо, колуңа тынарың коноор.
Бак карабай кыдыр да даарыбайт.
Бак коноор адамдын уулу эптүү, кызы көрктүү болот.
Бака баштуу эркекке алтын баштуу ургаачы эби менен тең болот.
Бака жеген көлгө кирет, жылан жеген ийинге (чөлгө) кирет.
Бака жеп, көлгө кирди, жылан жеп, ийинге кирди.
Бака майрыгын билбей, жыланды «ийри» дептир
Бака сийсе — көлгө сеп, жамгыр жааса — жерге сеп.
Бака сийсе, көлгө сеп.
Бакага балыр көл жакшыБалыкка терең суу жакшы Жигитке өскөн эл жакшы.
Баканы алтын такка отургузсаң да, баткакты көрсө ыргып түшөт.
Баканын басканын көрсөң, желгенин сурап нетесиң!
Баканын басыгын көрүп, желгенин сураба.
Баканын өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө.
Бакасыз көл болбойт, катасыз киши болбойт.
Бакача чардаган, жыланча арбайт.
Бакка келет бир кезек, бакка кезек келгенде
башында булбул куш сайрайт.
Баккан ээси жарашса, кара күчүк сак болот.
Баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот.
Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
Баккан ээсине жараша малы семиз, төлү эгиз.
Бакпаганды балам дебе, келбегенди өзүм дебе.
Бакпаганды балам дебе.
Бакпай балааңдан, жаппай жалааңдан сакта,
Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет.
Бактың ашкан убакта карганы салсаң каз алат.
Бактың ашкан убакта, карганы (жапалак) салсаң
каз алатБактың качкан убакта, шумкар салсаң аз алат.
Бактың качкан убакта шумкарды салсаң аз алат.
Бактылуу — эмгегинде зор,
бактысыз — ооруда, кор.
Бактылуу адам кааласа, муз үстүндө от жанаар,
бактысыз адам кааласа, кургак үйдөн суу чыгаар.
Бактылуу аталган байда да арман болот.
Бактылуу болмок мүнөздөн, баатыр болуу күрөштөн.
Бактылуу болом десең, башкага көз артпа.
Бактылуу болуш мүнөздөн, баатыр болуш күрөштөн.
Бактылуу менен байлашпа, таалайлуу менен талашпа
Бактылуу эмгегинде зор.
Бактылууга эки дос келет, бактысызга эки ууру келет.
Бактылууну бак карайт да, кыдыр даарыйт.
Бактылуунуку маңдайга жазылуу.
Бакгылуунун касы өлөт, бактысыздын досу өлөт.
Бактысы ачылар жерине кыз ыйлап барат.
Бактысы жоктун эгерим сөзү эм болбойт.
Бактысыз жокко көнөт, барга көнбөйт.
Бактысыз таалайынан көрөт.
Бактысыздык өзүңдөн, багынбайт ага түшүнгөн.
Бакча баксаң — макта, акча тапсаң — сакта.
Бакшы багамын дейт, төшүңө тумар тагамын дейт.
Бакшы жакшы болобу, жакшы бакшы болобу.
Бакылдаган (бак —бак эткен) текени, суу кечкенде
көрөбүз. Шакылдаган катынды, кыз бергенде
көрөрбүз. Такылдаган (так —так эткен) келинди,
үй чечкенде (эл көчкөндө) көрөрбүз.
Бакылдаган (кээде бапылдаган) текени суу
кечкенде көрөрбүз, шакылдаган келинди (же
такылдаган катынды) үй чечкенде көрөрбүз,
менменсинген жигитти жоо келгенде көрөрбүз,
чеченсинген жигитти доо келгенде көрөрбүз.
Бакылдаган текени суу кечкенде көрөрмүн,
такылдаган катынды үй чечкенде көрөрмүн.
Бакылдын багы көгөрбөйт, көгөрсө да көбөйбөйт.
Бакыр алдуу. кой шыйрактуу.
Бакыр болсоң, макмал кий.
Бакыр киши паанада, сокур киши шоолада.
Бакыргандан коркпо, тымысындан корк,
Бакыргандын баары эле баатыр эмес,
балкайгандын баары эле балбан эмес.
Бакырчаак төөнүн бары ийги.
Бакыт деген сымап, кырсык деген уйгак.
Бакыт деген тоголок, аны токтотууга эп керек,
мээнет деген жалпак аны көтөрүүгө күч керек.
Бакыт жерде, эринбей эңкейип ал.
Бакыт кетсе намыяны кошо кетет.
Бакыт менен кайгы үзөңгүлөш.
Бакыт оросо, дос торойт.
Бакыт сандыкта, ачкычы асманда.
Бакыт эмгектен жаралат.
Бала — баладай, башы көзү чарадай.
Бала — биздики, акылы — өзүнүкү.
Бала адамдын канаты.
Бала баккандыкы.
Бала бар үйдө калп сүйлөбө.
Бала билет, билбесе неге күлөт.
Бала боор эт менен тең.
Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы
эненин даңкы.
Бала жетиге чыкканча жерден таяк жейт.
Бала калса — мал табат, катын калса — бай табат.
Бала калса мал (эл) табат, катын калса бай (эр)
табат. Чымын жаның чыркырап, кайда барып жай табат.
Бала калса эл табат, катын калса эр табат.
Бала күлкүгө тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
Бала көргөнүн кылат, көсөө түрткөнүн кылат.
Бала оюнга тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
Бала оюнга тойбос, жаман уктаганын койбос.
Бала падышадан кудуреттүү.
Бала суу төксө, андан чоң тайып жыгылар.
Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы.
Бала таттууга өч.
Бала чуркаса, чалдын буту зыркырайт.
Бала ыйлабай эмчек кайда?
Бала ыйламайынча эмчек жок.
Бала ыйламайынча эмчек кайда. (Ыйлабаган балага — эмчек жок).
Бала ыйламайынча эмчек кайда?
Бала, баланын иши чала.
Бала, баланын кылган иши чалаБала боор эт менен тең.
Балаадан — машаяк да качыптыр.
Балаадан машайык качыптыр.
Балага — атасы сынчы. (Ата балага сынчы).
Балага ойлоп айтсаң угат, ойлобой айтсаң отко жыгат.
Баладан да пайгамбардык сөз чыгат.
Балаң жакшы болсо өргө чыгарат, балаң жаман болсо, көргө тыгат.
Балаң мыкты болсо даңкың.
Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу. Катының жакшы болсо, малың байлануу.
Балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың.
Балаңды жашынан тарбияла.
Балаңды элиң мактаса, андан ашкан бакыт жок.
Балакет — аяк астында.
Балакет кылбаган балакетке жолукпайт
Балалуу болбогон, — кубанганды көрбөгөн
(билбеген), баласы өлбөгөн — күйүттү көрбөгөн (билбеген).
Балалуу үй — базар, баласыз үй — мазар.
Балалуу үй — бактылуу үй.
Балалуу үй — гүлүстөн, баласыз үй — көрүстөн.
Балалуу үй — күлкүнүн куту, баласыз үй — кубанычтын жуту.
Балалуу үй — падышалуу үй.
Балалуу үйгө (дө) бакьгг үйүр (бар).
Балалуу үйдө — сыр жок, оорулуу үйдө — ыр жок.
Балалуу өрдөк талпынса, балалары чуу болот.
Баласыз өрдөк талпынса, жез канаты куу болот.
Балалуу каргага бок артпайт.
Балалуу каргага бок тийбейт (артпайт).
Балалуунун багы бар, баласыздын жүрөгүндө муңу бар.
Балалуунун баласын алганча, колунан ишин ал.
Балалуунун бели тынат, баласыздын бели сынат.
Балалык — падышалык, карылык — катуулук.
Балалык кишиге эки келет, бири жашында бири карыганда.
Балалык кишиге эки келет: бири карыганда, бири жашында.
Балалыктын өмүрү сууда.
«Балам бар» деп мактанба, топто бирөө жок болсо,
«атам бар» деп мактанба, атаң санда жок болсо.
«Балам бар» деп, мактанба, топто бирөө жок болсо.
Балам, балалуу болгондо билерсиң.
http://kyrgyzinfo.ru alıntıdır.

0 0 votes
Article Rating
Subscribe
Bildir
guest
0 Yorum
Inline Feedbacks
View all comments
error: Lütfen anlayışla karşıla burada emek yatıyor.