Омар-Энекем
Энекем,энекем.энекем
Дүйнөдө теңдешке берекем,
Мен дагы дени сак болоюн,ай,
Оорубай жүрө көр сен есен.
Болсом да атасы баланын,
Өзүңө дагы эле баламын,
Үшүкрүп каласың,алыска,ай,
Үйүндөн узаса карааным.
Жашоого от болуп жагылдым, Жанылдым,чагыдым,кагылдым,
Мен эми эч кимден табылбас,ай
Энелик мээримин сагындым.
Кырсыктан колдогон тумарым,
Кыйшайсам түзөтүп турарым.
Кырк жылга кабарсыз кетсем да,ай
Кыйкырып алдымдан чыгарым.